Мектеп парламенти .
Мектептеги өз алдынча башкаруу системасы мектеп парламенти тарабынан сунушталган. Мектеп парламенти окуучулардын, мугалимдердин, ата-энелердин аракеттеги коомдук бирикмеси болуп саналат.
Максаты:
Мектепте бирдиктүү укуктук мейкиндик түзүү.
Окуучулардын укуктарын жана милдеттерин сактоо.
Ар бир окуучуну коомдук жашоого тартуу.
Активдүү турмуштук позицияны тарбиялоо.
Мектеп парламентинин түзүмүн түзүү.
Мектеп парламенти мектеп Уставына ылайык, мектептин администрациясы, педагогикалык жана окутуу жамааттары менен тыгыз байланышта иштейт.