Мектептин миссиясы
Ташмат Арыков атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби- жалпы орто билим берүүчү мекеме болуу менен бирге, башталгыч, негизги жана жалпы билим берүүгө багытталат. Ата-энелер, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө менен азыркы коомдо натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү, жашоодо өз ордун таба билген, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо”
Мектеп жетекчиси: Баева Касиет Сарбагышовна
Мектеп бардык окуучуларга 6 жаштан 18 жашка чейин мамлекеттик билим берүү стандарттарынын чегинде мамлекет тарабынан кепилденген акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Мектептин долбоордук кубаттуулугу: 192 орун. 2020-2021 - окуу жылынын башында окуучулардын саны 132 адамды, 11 класс-комплектти түздү.
Азыркы учурда биздин мектеп Кыргыз Республикасында жаңыланган билим берүү системасында өзүнүн жеке өнүгүү жолун издейт, ал билим берүүнү модернизациялоо механизмдерин ишке ашырууга байланыштуу:
Билим берүүнүн жогорку баскычында профилдик окутуунун концепциясы;
Жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты.
Мектепте окутуу төрт баскычтуу система боюнча жүргүзүлөт.
0-баскыч-мектепке чейинки даярдоо класстары ("Наристе" программасы -480).
Сабактар окуу жылынын ичинде өткөрүлөт.
1-баскыч окутуу – 1-4-класстар
Башталгыч класс жамааты тажрыйбалуу мугалимдерден турат.
2-баскыч окутуу-5-9-класстар.
5-класстан баштап окуу программасына математика, орус, кыргыз жана англис тилдери, физика, информатика сыяктуу кошумча сааттар кошулат.
3-баскыч окутуу-10-11-класстар.
Мектептин ички территориясында видеобайкоо системасы орнотулган.
Мектептин өзгөчө сыймыгы — жогорку квалификациялуу педагогикалык курамы:
бардыгы болуп 16 мугалим: жогорку билимдүү-15, атайын орто – педагогикалык эмес-1.
Ийримдердин, студиялардын жана секциялардын жетекчилери, кошумча билим берүү;
7 мугалим "КР билим берүүнүн отличниги" деген ардактуу төш белгиси менен белгиленди»;
6 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган;
Мектептин иштөө режими: беш күндүк окуу жумасы.