Москва районундагы Заря айылындагы Ташмат Арыков атындагы ЖОББ мектеби 10 жыл мезгилинен баштап билими эң күчтүү, алдыңкы мектеп болуп эсептеленип келет Анкени бизде эки айылдын балдары окушат. Алар бири бири менен аябай жакшы достук мамиледе. .
Ар жума сайын мектепте ар кандай иш чаралар жүрүп турат. Активдүү окуучулар грамота менен сыйланышат.
Биздин окуткан эжекелер биринчи мектеп дайым биринчи болуш керек деп айтып , окуучуларды олимпиадаларга мыкты даярдашат. Алардын эмгектери эч качан текке кетпейт, биздин мектептин окуучулары дайыма орундарга ээ болуп келишет.
Биз мектебибиз менен сыймыктанабыз!