https://www.facebook.com/groups/510698196324657/
2019-жылдын ноябрь айында старт алган Республикалык "Санарип конкурсуна" катышып жатам.
Конкурстун Жобосу
1
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо «Ай Ти Скуул» жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары – Уюм) тарабынан уюштурулуп жаткан “САНАРИП МУГАЛИМ” республикалык сынагынын өтүү тартибин жана шарттарын аныктайт. 2. Сынак 2019-жылдын 11-ноябрь күнү башталып (старт алып) 2020 жылдын 30-апрель күнү жыйынтыкталат
II. Сынактын максаты жана милдети
3. Жаш муунду тарбиялоонун татаал жолунда талыкпай эмгектенип келе жаткан жалпы эле мугалимдер журтуна колдоо көрсөтүү, мугалимдерди өтө тез өнүгүп-өсүп өзгөрүлүп жаткан коом менен бирге мугалимдерге да жаңы технологиялар жана ыкмаларды ыкчам үйрөнүп, аны иш жүзүнө ашырууга аракеттенип иштөөгө шыктандыруу жана санариптүү Кыргызстанды курууга салым кошуу.
III. Сынакты өткөрүү багыттары
4. Сынакты өткөрүү багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
Жаңы технологияларды жана жаңы ыкмаларды окуу прессесинде колдоно билүү;
Медиа сабаттуулук;
Туура кесип тандоо;
Окуучунун билим деңгелин жогорулатуу;
Үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана өнүктүрүү;
Маанилүү социалдык институт катары заманбап үй-бүлөнүн беделин жогорулатуу ;
Экологиялык маданияттуулукту жана экологиялык аң-сезимди калыптандыруу;
Ыктыярчылык кыймылды жандандыруу;
Өсүп келе жаткан жаш муунду тарбиялоо багытында иш алып баруу;
Китеп окуу маданияттын жайылтуу багытындагы иш чаралар;
Ата-энелер мектеби.
3
IV. Сынакты өткөрүү шарттары
5. Сынакка Кыргыз Руспубликасындагы бардык мамлекеттик мектептерде жана кесиптик лицейлерде иштеп жаткан жаш курагы 20 жаштан 60 жашка чейинки мугалимдер жана тарбиячылар катыша алат.
6. Мугалимдерге сынактын багыттары боюнча 30 (билим деңгээли ар кандай) окуучуга бир айда эң аз 3 иш чара өткөрүү милдеттендирилет.
7. Өтүлгөн иш чараларды өз убагында фото жана видео отчеттун жана #cанарип_мугалим хештеги менен көрсөтүлгөн тартипте интернетке жарыялайт.
8. Калыстар тобу ай сайын өткөрүлгөн иш чаралардын окуучуларга тийгизген тасирин аныктап чыгып, айдын аягында бирден бешке чейинки упай берет жана интернет аркылуу ПДФ (PDF) фарматта Фейсбуктага санарип мугалим баракчасына жарыялайт.
9. Бир мектептен эң көп 5 мугалим катыша алат.
V.Уюштуруу комитети
10. Сынакты даярдоо жана өткөрүү үчүн Уюмдун директорунун буйругу менен бекитилүүчү 3 киши курамында уюштуруу комитети (Мындан ары – Комитет) түзүлөт.
11. Комитетинин милдеттери: - сынактын жобосун иштеп чыгуу;
- сынакты өткөрүү жөнүндө жарыяны массалык маалымат каражаттарына (ММК) жарыялоо;
- сынактын Жобосун Кыргыз Республикасынын орто окуу жайларына жөнөтүү, анын ичинде и-мейл (E-mail) аркылуу да;
- кеп-кеңеш берүү жана арыздарды кабыл алуу, каттоо, чогултуу;
- калыстар мүчөлөрүнө тапшыруу үчүн сынактын катышуучуларынын иштерин каттоо;
- калыстардын иштеринин жыйынтыгы боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө протокол даярдоо жана Уюмдун жетекчисине сунуштоо; - диплом жана ардак баракчаларды даярдоо жана чыгаруу;
- сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин уюштуруу.
4
VI. Калыстар тобу
12. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн курамы 5 кишиден турган, Уюмдун директорунун буйругу менен бекитилүүчү калыстар тобу түзүлөт. 13. Калыстар тобунун курамы ар кандай уюмдардын өкүлдөрүнөн куралат.
14. Калыстар тобу сунушталган сынактын ишин карап баалайт.
15. Ар бир сынактык ишке калыстар тобу 5 упайга чейин өз-өзүнчө баа коюшат. Жыйынтыктоочу баа калыстар тобунун орточо арифметикалык баасы болот.
16. Калыстар тобу сынактын ишинин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү Станбул шаарына (Туркия Республикасы) жолдомо, диплом жана ардак грамоталары менен сыйлайт.
17. Калыстар тобу атайын сыйлыктарды берүүгө жана ошондой эле зарыл учурда сыйлыктарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу. VII. Ишти баалоонун критерийлери
18. Көрсөтүлгөн багыттарда өткөрүлгөн иш чараларга төмөнкүдөй баа берилет:
Теманы чыгармачылык жактан ачып берүүсү;
теманы кесипкөйлүүлүк менен сүрөттөп берүүсү;
күнүмдүк сабактарга айтылган темалардын колдонулушу
; иш-чараны өз убагында уюштуруу;
катышуучулардын саны;
иш-чаранын окуучуларга жана ата-энелерге болгон таасири;
өз убагында фото жана видео отчетторду жөнөтүү.
19. Жеңүүчүлөр упайлардын саны аркылуу аныкталып, эң көп балл чогулткан 18 мугалим Стамбул шаарына 5 күндүк экскурсияга барат жана грамота, баалуу сыйлыктарга ээ болушат.
IX. Сынакты каржылоо
20. Сынакты каржылоо уюштуруучулардын каражат эсебинен ишке ашат.