Т. Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатында мугалимдердин алдыңкы иш тажрыйбасын жогорулатуу максатында бенефис кечеси болуп өттү. Мен өзүмдүн иш тажрыйбамды жыйынтыктап, китеп басып чыгарылды. Китебимди " Биздин ар бир оюбуз чоң энергияга ээ, ал же сизге дем-күч берет, же сизди алсыздандырат”. деген У.Дайер сөзүнөн кийин "Ойдун күчү... " деп атадым. Чындыгында бардык материалдуу нерселер башында ой гана болот. Ой! Бул эмне? Бул биздин материалдуу дүйнөнү жараткан улуу энергия. Биздин ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүбүз, бизди адам кылып турган эң чоң артыкчылыгыбыз. Бул дүйнөдө биз материалдуу деп эсептеген бардык жасалма нерселер баштапкы абалда ой гана болгон. Биздин Аалам да башында Аллахтын оюу болчу.
Ой адамдын мүнөзүн, көнгөн адаттарын жана ага жараша тагдырын түзөт. Ой бул адамдын жашоо турмушунун алдынкы себилген үрөнү. Адам өзүнүн аң сезиминде кандай данын сепсе, ошого жараша тагдыр мөмөсүн алат. Мисалы, тикенектин уругу түшкөн жерге эч качан помидор же алма өсүп чыкпайт. Ал жерде сөзсүз тикенек өсүп чыгат, ал эми гүл айдалган жерге сөзсүз түрдө гүл өсүп чыгат. Бирок жерге эмне айдалса да, ал каралып, сугарылып, багылып турбаса ал себилген нерсе өспөй эле өлүүгө дуушар болот. Ошол сымал эле адам кандай ойдун үрөөнүн сепсе ошол нерсе өсүп жетилип олтуруп, адамдын тагдырын аныктайт. Андыктан өзүнүздүн тагдырыңызды түзүүдө өзүңүз гана багбансыз. Ойдун кандай улуу күчкө ээ экендигин сөз менен айтып жеткизе албайбыз. Жалпы эле биздин цивилизациянын өнүгүшү, жөнөкөй колдогу калькулятордон тээ Аалам деңизин кескен космос кемелерибизге чейин башында ой же идеа гана болгон. Мисалы келтирип көрөлөчү. Мисалы сиз астынызда адамдын эң гениалдуу ойлоп табылгасы “компьютерди” көрүп турабыз.