Мен мугалиммин
Бирине мен Күн болуп – жарык чачып, жылуулукка бөлөрмүн...
Бирине Ай болуп, караңгыда калса, шоола чачып жол көрсөтүүгө кудеретим жетер...
Бирине менин сабагымдан алган билимдери, багыт көрсөткөн Компас болор...буга мен ишенем.
Бирине саамайынан сылаган Эненин колун элестетермин...
Дагы бирине ишеним арткан Бир тууганындай өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алармын...
А көпчүлүк окуучуларым менин жөн гана Адам катары билишет, анткени мен алар менен бийиктиктен эмес, бетме-бет, көзмө-көз, маңдайдан баарлаштым жана жүрөгүмдү ачтым!
Окуучуларым болгон үчун – мен Мугалиммин.
Мыкты мугалим болууга дайым умтула берем!
Информатиканы окутууда максатым:
Информатиканы окутууда окуучулардын теориялык жана чыгармачылык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, жаңы ой жүгүртүү болгон операциялык ой-жүгүртүүгө ээ болууга, маалымат технологиялык каражаттары боюнча билимдерин, билгичтиктерин, көндүмдөрүн калыптандыруу менен компьютерде иштей алууга, алган билимдерин турмушта колдонууга багыттоо.