2022-жылдын 3-4-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында "Сынчыл ой жүгүртүү аркылуу чыгармачылыкты өнүктүрүү" урааны астында Медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча III Борбордук Азиялык конференциясы өтүп, ага салтка айланып калгандай Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Россия, Германия, Франция, Румыния, Финляндия, Монголия жана Вьетнамдан билим берүү тармагынын, жарандык жана медиа уюмдардын өкүлдөрү, тренерлер жана эксперттер катышты.
Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернатынын информатика мугалими Сырдыбаева Айзада Саякбаевна барып конференциянын катышуучусу болуп келди. Ал эми окуучусу Муратбекова Мэлита Медиа лагерьдин катышуучусу катары MediaStation боюнча презентация көрсөтүп, айтып берди.
Максаты:
Билим берүү тармагында ММС билимдерин илгерилетүү боюнча жаңы окутуу ыкмаларын табуу;
Мугалимдердин аймактардагы жаштардын сынчыл ойломун, санариптик жана медиа сабаттуулугунун деңгээлин көтөрүүгө багытталган ММС компоненттери камтылган сабактарды иштеп чыгуу тажрыйбасын өркүндөтүү;
Чыгармачылык дараметин жана шыктануусун арттыруу;
Тажрыйба алмашуу.
Бир топ өлкөдөн келген өкүлдөрдүн катышуусунда өткөн бул иш чара ГЕРМАНИЯНЫН Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык Министрлигинин, DW (Дойче Велле) Академиясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында "МедиаСабак" Фонду тарабынан уюштурулууда.
Эки күндүк конференциянын жүрүшүндө катышуучулар ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) элементтери менен офлайн жана онлайн форматта сабактарды өткөрүү, ММСти жайылтуу боюнча креативдуу долбоорлор, медиа сабаттуулукту баалоо боюнча изилдөөлөр, социалдык тармактардын колдонуучулары үчүн креативдүү иштеп чыгуулар жана ММСти билим берүүгө кийирүү боюнча мыйзамдык демилгелер менен маалымат бөлүшүштү.
@mediasabak уюштурган мектептер арасында "Мыкты медиа бурч-2021" аттуу республикалык сынак Ош шаарында жыйынтыкталды.
Республика боюнча 152 мектеп катышып, мектеп-лицейдин медиа бурчунун командасы алдыңкы ондукка киргени үчүн сертификат, статуэтка жана видео тартууга арналган лампа менен сыйланды.
Командага чыгармачылык, креативдүүлүк жана ийгилик каалайбыз!
10.03-12.03 күндөрү @techaim.kg коомдук бирикмеси жана @htp__kg республикалык информатика мугалимдери үчүн Бишкек шаарында "STEAM билим берүү жана дизайн ой-жүгүртүү" темасында 3-күндүк оффлайн семинар-тренинг уюштурду. Тренингке информатика мугалими Сырдыбаева А. С. катышып келди.
Семинар жогорку деңгээлде болуп, көптөгөн пайдалуу темалар боюнча маалымат берилди.
"САНАРИП МУГАЛИМ-2020" конкурсунун жеңүүчүсү