Гимн НГУ имени С.Нааматова

Сөзү : Жедигер Саалаев

Обону: Камчыбек Жусупов


Тоо элинин теңир берген олжосу

Жаштарына билим берип колдоочу

Тоо койнуна ачкан ушул окуу жай

Теңир-Тоонун илим-билим ордосу

Кайырма:

Нарындай туйлап шар аккан

Нарк менен алга бараткан

Заманбап биздин окуу жай

Атына заты жарашкан.


Күн дайыма тийип турат чокуга

Тоолук жаштар өсөт дайым окууда

Нарындыктар башкаларды тандатып

Ар илимге улам салым кошууда

Кайырма:

Нарындай туйлап шар аккан

Нарк менен алга бараткан

Заманбап биздин окуу жай

Атына заты жарашкан.


Алыс барбай алам илим олжону

Адабият-маданият борбору

Ала-Тооунун сыймыгы бул окуу жай

Ардактоочу байлыгыбыз колдогу


Кайырма:

Нарындай туйлап шар аккан

Нарк менен алга бараткан

Заманбап биздин окуу жай

Атына заты жарашкан.