“Устат шакирт” борбору менен 9 жылдан бери кызматташып келүүдөбүз
УМТУЛ – Музыка –окуучуларды музыканы түшүнө жана сүйө билген инсан катары тарбиялоо максатында «Музыка» сабагын эксперименталдык усул менен өткөзүү. Экспериментке катышкан балдар 1-класста комуз менен ырдап, 3-класстан тарта күү черте баштайт. 4-7-класстарда боордош элдерин маданияты жана дүйнөлүк музыкалык мурас менен таанышып, музыканын ноталык формасын өздөштүрөт.
УМТУЛ – Театр –окуучуларды театр дүйнөсү менен тааныштыруу, мектепте театр ийримдерин түзүү жана жандандыруу, репертуарларды кеңейтүү максатында атайын сценарийлерди түзүү жана жарыкка чыгаруу, белгилүү режиссер, актёр, драматургдар тарабынан өткөзүлүүчү адистештирилген иш-чараларга катышуу.
МУЗЧЫРАК –чопо чоор жана темир комуз, кыл кыяк аспаптарында аткаруучулук өнөрүн пропагандалоо.
“ Туруктуу мектептерди глобалдык издөө” демилгеси
Кыргыз Республикасында Туруктуу мектептерди глобалдык издөө ишмердүүлүгү экологиялык билим берүү жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү жаатындагы мурунку иштерге негизделип, мектептер арасындагы сынак аркылуу ишке ашырылды. Улуттук деңгээлде туруктуу мектептерди издөө, критерийлери иштелип чыгып , мектептерден арыздарды чогултууга жарыя башталган. Натыйжада, өз мектептеринде туруктуулукту жогорулатуу программасын өз деңгээлинде иштеп чыга турган 4 мектеп сынактан тандалып алынды. Кыргызстан боюнча 4 мектептин бири болуп Т.Сатылганов №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы тандалып, иш алып барууда.
«Кесипке багыт берүү» долбоору
Германия кызматташтыгы менен GIZ проектисинин “Кесипке багыт берүү” боюнча 5 тепкичтүү пилоттук программасы бардык 9-класстар арасында 2017-2018 окуу жылынан баштап ишке ашыруу үчүн 17 теориялык жана 8 практикалык (чыныгы жолугушуу, окуу жайларга жана мекемелерге экскурсия) сабактары сунушталып, ишке ашырылып келе жатат.
Мектептерде кесиптик билим берүүнүн беш тепкичтүү модели менен – окуучуларга өздөрүн таанууга, кесип жана кесиптик окуу жайлар жөнүндө маалымат алууга, эмгек дүйнөсү менен чыныгы жолугушуулар аркылуу тааныштырууга жана туура чечим чыгарууга жардам берүү.
Кийиз дүйнө - көчмөн маданияты
Фонддун негизги максаты: кыргыз элинин салттуу билимдерин жандандыруу, сактоо жана жайылтуу болуп эсептелинет.
Ийримдин негизги максаты: унутта калып бара жаткан кыргыз элинин салттуу билимдерин жаш балдарга үйрөтүү жана заманбап жашоодо колдонуу.
Ийримди «Kiyiz Duino» фондунун директору, сүрөтчү-конструктор Асангулова Айдай жана «Kiyiz Duino» фондунун координатору, көз карандысыз изилдөөчү, кийим дизайнери, Дөөлөт Рысбаев алып барат.