Ата-энелик укуктар жана милдеттер – ата-энелердин балдарын эрезеге жеткиче тарбиялап, укуктары жана милдеттери. Алар КРнын Конституциясында жана үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөн. Ата-энелик укуктар баланын төрөлүшүн жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында күбөлөндүрүлгөн документтерге негизделет. Ата-эне өз ара никеде тургандыгына же ажырашкандыгына карабастан, балдарына карата бирдей укукка ээ болуп, бирдей милдетти аткарат. Алар тарбиялоого байланышкан маселелерди өз ара макулдашып чечет, ата-эненин ортосунда чыккан талаштар өздөрүнүн катышуусу менен атайын органдарда чечилет. Ата-эне ажырашканда бала алардын кимисинде калышын өздөрүнчө чече албаса, бул маселени баланын мүдөөсүн көздөө менен сот чечет. Бөлөк жашаган ата же эне баланы тарбиялоого катышууга милдеттүү, ошондой эле бала менен жолугуп турууга укуктуу. Ата-эне балдарын мектепке берүүгө милдеттүү. Мыйзамда ата-эненин укуктарын коргоо жагы да каралган: эресеге жете элек балдарды мыйзамга же соттун чечимине карабастан, бербей кармап турган адамдан аны берүүнү талап кылууга укуктуу. Ата-эне эресеге жете элек, ошондой эле эресеге жеткен, бирок эмгекке жараксыз балдары үчүн кам көрүүгө мплдеттүү. Балдарын тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарбай койгон ата-энеге (же алардын бирине) ата-энелик укуктардан ажыратуу чарасы колдонулушу мүмкүн, бирок бул аларды балдар үчүн кам көрүү милдетинен бошотпойт. Ата-эне ата-энелик укуктарын калыбына келтирүүнү талап кылууга акылуу, бул маселе баланын кызыкчылыгын көздөө менен сот тартибинде чечилет.
Мектеп төмөндөгүдөй график менен иштейт;
1 смен 7.30-13.20 2-смен 13.30-18.30
Мектептин милдеттери;
Окуучунун интеллектуалдык, нравалык, эмоционалдык жана физикалык өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзөт жана анын жөндөмүн ар тараптуу өнүктүрөт.
Окуучунун эркиндигин жана укугун коргоо кепилдигин алат.
Окуучунун окуу процесси учурунда ден соолугу жана өмүрүнө жана көрсөтүлгөн санитардык гигиеналык ченемдердин, талаптардын, эрежелердин сакталышына жооп берет
1-11-класстардын окуучуларынын мамлекттик билим берүү стандартындагы ар бир предметтер боюнча окуу планынын чегинде акысыз билим алуусуна кепилдик берет.
Окуу планы, жүгүртмө,билим берүү программалары, окуу китептери менен окуу процесстерин уюштурууга милдетүү.
Кошумча билим берүү кызматтарын; ийримдерди, психологиялык жардамдарды көрсөтөт.
Ата энелерге (закондуу өкүлдөргө)балдарды окутуу жана тарбиялоо боюнча жардам көрсөтөт.
Окуучуларга социалдык жардам жана өз убагында ар кандай конфликттик абалдарда жардам көрсөтөт
Окуучулардын сабактардан жетишүүсү, билим берүү процессинин жүрүшү жана мазмуну менен ата энелерге таанышууга мүмкүнчүлүк берүү
КР мыйзамдарына ылайык аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына мектеп мүмкүнчүлүккө жараша жардам көрсөтө алат.
ИДН менен биргеликте рейдке чыгышат.
Ата эненин милдети
Мектептин Уставында жазылган талаптарды жана мектептин ички тартип эрежесин сактайт.
1-класстарды ата-эне өзү алып келип, өзү алып кетет
Окуучуну сабакка кечиктирбей алып келет
Баланын мектептен сырткаркы убактагы коопсуздугу ата энелерге милдеттендирилет
Окуучу сабакка келбей калган учурда мектепке келип класс жетекчиге же мектеп администрациясына жазуу жүзүндө билдирет.
Окуучунун дайыма мектеп формасы менен келүүсүн камсыздайт.
Окуучунун ийгиликтүү билим тарбия алуусу үчүн керектүү окуу куралдары жана дене тарбия сабагында спорттук форма менен камсыз кылат.
Мектеп менен биргеликте баланын сабактагы жетишүүсүн көзөмөлдөө үчүн күн сайын күндөлүктөрүн текшерип жуманын аягында кол коет.
Ата энелер чогулушуна жана окуучунун окуу тарбия маселелери боюнча жекече аңгемелешүү үчүн класс жетекчи, мектеп администрациясы чакырган учурда мектепке келет
Мугалимдер жана балдар менен баарлашууда этикалык,моралдык ченемдерди сактайт.
Окуучунун күнөөсү менен мектептин мүлкүнө зыян келтирилген учурда мектептин ички тартип эрежесине ылайык келтирилген зыяната эне тарабынан калыбына келтирилет.
Жашаган жери боюнча дареги жана телефону өзгөргөн учурда өз убагында класс жетекчиге билдирет.
Кечки саат 2200 кийин эшке чыгарбоого милдеттүү.
Чет өлкөгө кетип жаткан учурда балдарын туугандарыныкына таштап кетсе , баласынын коопсуздугун, бардык укуктарын сактоо милдети тапшырган кишиге милдеттендирилет. Балдардын жоопкерчилигин өз мойнуна алган адам ата-эне менен бирге нотарустан күбөлөндүрүлгөн тил кат тапшырат. Бул учурда келишим ата-эненин ордун баскан адам менен түзүлөт.
Мектептин укугу:
Мектептин өнүктүрүү программасын, билим берүүнүн мазмунун, формасын, методун аныктап, окуу планын корректирлеп, окуу программасын жана окуу китептерин тандайт.
Мектептин Уставына ылайык иштөө режимин аныктайт( каникулдардын мөөнөтү, сабактардын жүгүртмөсү, нөөмөттөрүн)
Окуучунун сабак калтыргандыгына карабастан, окуу жүктөмүнүн толук көлөмдө аткарылышын талап кылат.
Мектептин Уставынын негизинде тартип бузган учурда дисциплинардык жаза колдонот жана керектүү учурда сыйлайт.
Сабактан себепсиз көп калганда, үй бүлөлүк зордук зомбулукка кабылганда, кароосуз калганда, турмуш шарты оорлогондо, одоно тартип бузганда жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө комиссиясына кайрыла алат
Ата эненин укугу:
Уставга ылайык мектеп турмушундагы ар кандай иш чараларга активдүү катыша алат
Кошумча билим берүү кызматтарын уюштурууда жана билим берүү процессине тиешелүү өзгөртүү киргизүүдө өз сунуштарын бере алат.
Мектеп администрациясынын уруксаты менен сабакка катыша алат.
Ар кандай конфликтерди сүйлөшүү жолу менен чечүүдө класс жетекчинин, мугалимдин, мектеп администрациясынын иш аракетине жана чечимине макул болбогон учурда Укук бузууларды алдын алуу кенешине кайрыла алат.