ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологияла институтунун Энергетика кафедрасынын PhD докторанты Ж. Жумакулов теориялык жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн 2024-жылдын 27-ноябрынан 4-декабрына чейин Өзбек Республикасынын Фергана политехникалык институтунун “Электроника жана прибор куруу” кафедрасында илимий стажировка өтөп келди.
Стажировка учурунда докторанттар “Электроника жана прибор куруу” кафедрасынын Кайра жаралуучу энергия булактары тармагында илимий-изилдөөлөр менен, ошондой эле практикалык жана эксперименталдык изилдөөлөр, талаа сыноолору жана институттун өндүрүштүк технопарктары менен таанышышты. Жетекчиси профессор С.Ф. Эргашев менен биргеликте темаларына байланыштуу бирден макала жана баяндамалардын тезиси даярдалып берилди.
АЛ-ФАРАБИ АТЫНДАГЫ КАЗАК УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИ
2024-жылдын 22-26- апрель күндөрү Казакстандын АЛ-ФАРАБИ АТЫНДАГЫ КАЗАК УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИнин ИНФОРМАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯ, ФИЗИКА-ТЕХНОЛОГИЯ жана МЕХАНИКА-МАТЕМАТИКА ФАКУЛЬТЕТтеринде болуп кайттык.