ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологияла институтунун Энергетика кафедрасынын PhD докторанттары А. Жороев жана Ж. Жумакуловдор теориялык жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн 2024-жылдын 27-ноябрынан 4-декабрына чейин Өзбек Республикасынын Фергана политехникалык институтунун “Электроника жана прибор куруу” кафедрасында илимий стажировка өтөп келишти. Стажировка учурунда докторанттар “Электроника жана прибор куруу” кафедрасынын Кайра жаралуучу энергия булактары тармагында илимий-изилдөөлөр менен, ошондой эле практикалык жана эксперименталдык изилдөөлөр, талаа сыноолору жана институттун өндүрүштүк технопарктары менен таанышышты. Жетекчиси профессор С.Ф. Эргашев менен биргеликте темаларына байланыштуу бирден макала жана баяндамалардын тезиси даярдалып берилди.
ОшМУнун ректорунун №6151-О/25 03.12.2025 математика, физика, техника жана информациялык технологияла институтунун Энергетика кафедрасынын PhD докторанты А.М.Жороев теориялык жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн 2025-жылдын 04-декабрынан 11-декабрына чейин Өзбек Республикасынын Фергана мамлекеттик техникалык университетинин “Электроника жана прибор куруу” кафедрасында илимий стажировка өтөп келди.
Докторант стажировка учурунда электроника жана приборлор кафедрасынын изилдөө лабораториялары, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактары жаатындагы жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр менен таанышкан. Ал практикалык жана эксперименталдык изилдөөлөргө, анын ичинде кафедрада иштелип чыккан микрогидроэлектростанциялардын прототиптеринин талаа сыноолоруна катышкан.
Андан тышкары, А.М. Жороев институттун өнөр жай технологиялык парктарына, ошондой эле Ферганадагы бир нече өнөр жай ишканаларына барып, ал жерде энергетикалык жабдууларга байланыштуу заманбап технологиялар жана өндүрүш процесстери менен таанышкан.