Тарбия иштери
ØОкуу жылынын ичинде студенттердин ар кандай көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берүү. Тайпа ичинде достукту, ынтымактыжаратуу,улуттар арасындагы мамиле маданиятына жетишүү, ар бир студенттин инсандык сапаттарына кызыгуу;
Ø Студенттердин сабактарга катышуу, жетишүүсүн көзөмөлдөө: аны тайпа журналынан жумасына бир жолу текшерүү жана артта калган студенттер, тиешелуү окутуучулар менен сүйлөшүп туруу;
Ø Тайпа студенттерин илимий изилдөө иштерине кызыктыруу;
Ø Ар бир студенттин кандай шартта жашап жаткандыгынан, ден соолугунан кабардар болушу керек;
ØСтуденттер менен жекече иш алып баруу: студенттин терең билим алууга болгон мамилесин байкоо, анын окутуучулар жана тайпалаштары менен кандай мамиледе экендигине көңүл буруу;
ØАта-энеге студенттин сабакка катышуусу, жетишүүсү, анын окуу жайдагы жүрүм-туруму боюнча маалымат жеткирип туруу;
ØТайпанын студенттерине саясий-укуктук, патриоттук-жарандык, адеп-ахлактык, экономикалык, эмгектик, экологиялык, жыныстык жана эстетикалык тарбия берүү. Өзгөчө коомдук жайларда, колледжде студенттин өзүн туура алып жүрүүсү; кийинүү адебине көзөмөл кылуу, кеңеш берүү; ошону менен бирге маданиятка, искусствого болгон кызыгуусун арттыруу;
ØКуратор окуу жылынын башында жылдык иш план түзүп алуусу зарыл. Иш пландын мазмуну тайпанын студенттеринин каалоолорун эске алып, окуу жана тарбиянын багыттарын өз ичине камтып түзүлөт.