Билим берүү уюмунун дареги:
- Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Сайдыкум айыл аймагы, Хажир-Абад айылы, Жакыпов Жамшит көчөсү №2.
- Билим берүү уюмунун жетекчисинин телефон номери: 0703707757
- Уюмдун электрондук дареги: sshN10frunze@gmail.com
Кыскача маалымат:
Мектептин курулган жылы: 1978-жыл
Имараттын сыйымдуулугу: 320 окуучуга ылайыкталган, азыркы учурда 887 окуучу билим алат.
Педагогикалык жамааттын саны: 57
Алардан: 50 аял; 7 эркек;
45 жогорку (магистр); 6 жогорку (бакалавр); 6 атайын орто билимдүү;
Андан сырткары: 1 секретарь, 1 китепканачы, 1 чарба башчысы, 2 кароол, 2 жумушчу, 3 ашкана кызматкери жана 4 техникалык кызматкерлер бар.
Жалпысынан: 71 адам эмгектенет.
Окутуу тили: кыргыз, өзбек
Иштөө режими: 1-смен 8:00-12:55, 2-смен 13:00-17:55.
Мектептин учурдагы абалы:
- Мектеп 2 кабаттан турат, 17 окуу бөлмөсү, 1 лаборатория, 1 китепкана, атайын ылайыкташтырылган ашкана (мектепте 360 окуучуга ысык тамак берилет), 1 устакана, 1 спорт зал бар. Мектептин ичине суу киргизилген (кудуктан киргизилген), ысык суу аристондун (2 даана) жардамы менен ысытылат, жылутуу системасы автономдуу толук электр энергиясы менен иштейт, ажааткана сыртта жаңы курулган 6 балдар үчүн, 6 кыздар үчүн жалпы 12 очко окуучулар үчүн, 2 очко мугалимдер үчүн. Спорт залда кийим алмаштыруучу жана жуунуучу жай жок, жыйындар залы жок.
Мектептеги иштин максаты:
- Мектептеги окуу тарбия процессин модернизациялоо менен инновациялык технологияларды, жаңы усулдарды колдонуп, сапаттуу билим берүүнүн натыйжасында окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу.
- Жаңы технологияларды колдонуу менен турмушка көз карашы калыптанган, жаңыча ой жүгүртө билген инсанды окутуп-тарбиялоо, ата-энелерди мектеп турмушуна аралаштыруу аркылуу мектепке тартуу, балдарга болгон жоопкерчилигин өстүрүүнүн үстүндө иш алып баруу.
текст