ЭСТЕТИКАЛЫК ТААЛИМ –ТАРБИЯ БЕРҮҮНҮН НЕГИЗГИ БУЛАГЫ
Балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо, эстетикалык сезимин, көркөм сезимдерин жана ар тараптуу чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.
Эстетикалык тарбия балдарга тиешелүү иш-аракеттердин сулуулугун, кооздугун, тазалыгын даңазалайт. Ошол себептен окуучулардын эстетикалык маданиятын калыптандырууну гимназиябызда билим берүү менен бирге айкалыштыра алдык.
Ийримдер аркылуу байыртадан бери атадан балага өтүп келген нукура салттык өнөрдү колдоо, учугун улап, кийинки муунга таркатуу, заманбап ыкмаларды колдонуу менен келечектин угармандарын даярдоо, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, адеп-ахлагын, дөөлөт-мурастарын, салт-санаасын, дүйнө таанымын таанытуу менен окуучулардын атуулдук сезимдерин курчутуу жана мекенин сүйүүгө тарбиялоо максатында иш алып баруудабыз.