Өздүк маалыматтары
Шарипова Чынар Раимбековна
1975-жылдын 11-июнь айында Совет районуна караштуу Кара-Кулжа айылында туулган.
1982-1992- жылдары Совет районунун "В.И.Ленин"атындагы орто мектебин күмүш медаль менен бүтүргөн.
1992-1993-жылыдары Ош мамлекеттик университетинде немис тили боюнча даярдоо курсунда окуган.
1993-1998-ж.Ош мамлекеттик университетинин чет-тилдер факультетин ийгиликтүү аяктап,"Чет тилдер окутуучусу(немис,англис)адистигин алуу менен, озу окуган немис тили кафедрасына окутуучу болуп калтырылган(1998-2000-ж).
2000-2005-жылдары"Мундуз-Турист"компаниясында гид-котормочу болуп иштеген.
2005-2009-ОшТУда немис тили окутуучусу,ал эми 2009-2010-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин,романо-герман кафедрасында немис жана латын тилдеринин окутуучусу болуп иштеген.
2014-жылдан баштап Кыргыз-Өзбек,учурдагы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин,тарых жана филология факультетинин,англис тили кафедрасында үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Бир канча жолу Германия мамлекетинде квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп келген.
Учурда үй-бүлөлүү,үч баланын энеси.