Өздүк маалымат

Мен,1955-жылы 10-майда

Кара-Кулжа районуна караштуу, Сары-Булак айылында, жумушчунун үй-бүлөөсүндө төрөлдүм. К.Жантөшев таындагы башталгыч мектепте окууну баштап, 10-классты М.В.Фрунзе атындагы орто мектебин бүтүргөм.

1972-жылы Фрунзе шаарындагы кулинардык окуу жайын, 1977-жылы педагогикалык окуу жайын аяктап, К.Жантошев атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштөө менен педагогикалык эмгек жолумду баштагамын.

1989-1995-жылдары Ош мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты адистигин бүтүргөмүн. 1990-жылдан баштап Ош шаарындагы №42-Керме-Тоо орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими,окуу тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштегемин. 1999-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин Тарых филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасында окутуучу,2002-жылы улук окутуучу, 2006-жылы Тилдер кафедрасынын башчысы, Мамлекеттик тилди ,өнуктуруу борборунун директору болуп эмгектендим. Азыркы мезгилде кыргыз тили кафедрасында окутуучу болуп иштеп жатам. Кудайыма шугур небире,чебирелердин чон-эне, тай-энелеримин.