ЭМГЕК ТАЖРЫЙБАСЫ
ЭМГЕК ТАЖРЫЙБАСЫ
2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин «Дарылоочу иш» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
2002–2011-жылдары ОшМУнун медициналык факультетинин анатомия жана ОХТА кафедрасында окутуучу болуп иштеген.
2004–2007-жылдары анатомия жана ОХТА кафедрасында күндүзгү аспирантурада окуган.
2006–2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын референти болуп иштеген.
2011–2012-жылдары анатомия жана ОХТА кафедрасында улук окутуучу болуп иштеген.
2011-жылдын 31-майында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
2011–2013-жылдары медициналык факультеттин келишим, илим жана эл аралык байланыштар боюнча декандын орун басары болуп иштеген.
2013–2014-жылдары медициналык факультеттин чет өлкөлүк студенттер боюнча декандын орун басары болуп иштеген.
2016–2017-жылдары медициналык факультеттин илимий кеңешинин коомдук негиздеги илимий катчысы болуп иштеген.
2018–2020-жылдары анатомия жана топографиялык анатомия кафедрасында, адамдын конституционалдык типологиясы курсу менен бирге, доцент болуп иштеген.
2020-жылдан бери Эл аралык медициналык факультеттин анатомия, гистология жана нормалдуу физиология кафедрасында доцент болуп иштеп келет.
2021–2022-жылдары Эл аралык медициналык факультеттин окуу-методикалык кеңешинин төрагасы болгон.
2022-жылдан баштап анатомия жана топографиялык анатомия кафедрасында (адамдын конституционалдык типологиясы курсу менен) доцент жана медициналык факультеттин илимий катчысы болуп иштеп келет.
105тен ашуун публикациянын автору, алардын ичинен 54 илимий жана 51 окуу-методикалык мүнөздө.
Негизги эмгектери:
"Морфологическое исследование плаценты человека" (методикалык сунуштар).
"Иллюстративный словарь по анатомии человека. Раздел: Опорно-двигательный аппарат" (окуу куралы).
"Топографическая анатомия конечностей" (окуу куралы).
"Щитовидная железа: морфологические, диагностические и клинические характеристики" (окуу куралы).
Тил билүү деңгээли:
Кыргызча: мыкты
Орусча: мыкты
Англисче: жакшы