Кенешбаев Бекболот Капаевич — медицина илимдеринин кандидаты, доцент, Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин көрүнүктүү окутуучуларынын бири. Ал билим берүү, илим жана жетекчилик ишмердүүлүктү бирдей айкалыштырып, кыргыз медицинасынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келет.

Бекболот агай медицина тармагындагы терең билими, тактыгы жана студенттерге болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен кесиптештеринин жана студенттеринин урмат-сыйына татыган инсан. Ал учурда медицина факультетинин морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын башчысы жана факультеттик илимий кеңештин жооптуу катчысы кызматын аркалап келет.

2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин «Дарылоочу иш» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. 2011-жылдан тартып медицина илимдеринин кандидаты. Диссертациясын Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы диссертациялык кеңеште ийгиликтүү жактаган. 2018-жылы «Медицина (адам анатомиясы)» адистиги боюнча доцент наамын алган.

Жогорку окуу жайларында 20 жылдык педагогикалык иш тажрыйбасы бар. Ош мамлекеттик университетинде үзгүлтүксүз эмгектенип келе жатат. Кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги багыты — морфология жана адам анатомиясы.