Жусупова Даанагүл Ымамидиновна 1969-жылы 17-апрелде Ош областынын Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында педагогдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
Билими:
1.1986-1991-жылдары Бишкек шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун «Чет тилдери» факультетин ийгиликтүү бүтүргөн жана «Англис жана немис тилдери окутуучусу» квалификациясын алып, жогорку билимге
ээ болгон. Диплом УВ-I № 162909
2. 2018-жылы Ош мамлекеттик университетинин “Педагогика (башталгыч билимберүү)” багыты боюнча бакалавр даражасына ээ болгон. Диплом № ШБ 180236056
3. 2022-жылы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин магистратура бөлүмүнүн “Педагогика” багытын аяктап, магистр даражасына ээ болгон. Диплом № УМ 230199215 (Артыкчылыгы менен)
Эмгек жолу:
1991-1996-жж. Ноокат районундагы «Кашкалдак» орто мектебинде англис тили окутуучусу болуп эмгектенүүдөн баштаган. Талыкпаган эмгектин натыйжасында 1995-жылы Биринчи категориядагы окутуучулукка педагогикалык кеңештин чечими менен сунушталган.
1996-1998-жж. Англис тили жана математика сабактары боюнча тереңдетилип окутулуучу Борко лицейинде чыгармачылык менен үзүрлүү иштеп, жогорку категориядагы окутуучулукка жетишкен.
1998-2000-жж. Кыргыз-Өзбек университетинин «Чет тили» кафедрасынын англис тили окутуучусу жана усулдук кеңештин башчысы;
2000-2005-жж. «Чет тили» кафедрасынын ага окутуучусу;
2001-2003-жж. «Чет тили» кафедрасынын улук окутуучусу жана кафедра башчысынын орун басары;
2003-2009-жж. «Чет тили» кафедрасынын башчысы жана 2006-жылдан кафедранын доценти; 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Билим Берүүсүнүн отличниги;
2009-2012-жж. «Герман филологиясы жана чет тили» кафедрасынын доценти;
2012-2017-жж. Кыргыз-Өзбек университетинин Социалдык колледжинин «Педагогикалык сабактар» бирикмесинин башчысы болуп эмгектенген.
2017-2018-окуу жылынан тарта «Тил сабактары» бирикмесинин окутуучусу.
2018-2022-жж. Кыргыз-Өзбек университетинин Тарых филология фак. , Чет тилдери кафедрасынын кафедра башчысы, доцент
2022-2024-жж. Б.Сыдыков атындагы КӨЭА университетинин Тарых филология фак. англис филилогиясы кафедрасынын доценти кызматында эмгектенди.
2024-2025-окуу жылынан тартып Б.Сыдыков атындагы КӨЭА университетинин Гуманитаодык педагогикалык факультетинин “Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн усулу” кафедрасынын доценти кызматын аркалап келүүдө.
Илимий наамы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык коммиссиясынын чечими менен (протокол № 6дц-2/24) 2012-жылдын 28-июнунда «Тил илими» адистиги боюнча ДОЦЕНТ окумуштуулук наамы берилген;
Сыйлыктары:
1. 2007-жылы КРнын билим берүү министрлиги тарабынан КРнын билим берүү мыктысы;
2. 2015-жылы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз-Өзбек университетинин алкышы берилген;
3. 2016-жылы Кыргызстандын Аялдар кеңеши тарабынан Ала-Тоо айымдары
төш белгиси берилген.
4. 2019-жылы РФтин“European scientific and industrial consortium-Socrates” уюмунун сунушу менен мыкты илимий эмгектери үчүн Сократ төш белгиси
менен сыйланган.
5. 2020-жылы жаштарга берген татыктуу тарбиясы жана жигердүү эмгеги үчүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Ардак грамотасы менен сыйланган;
6. 2021-жылы КРдин Ош облусу билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун областык комитетинин сунушу менен Ардак грамота ыйгарылган.
7. 2024-жылы КРдин билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети тарабынан КРдин билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы төш белгиси менен сыйланган.
Квалификациясын жогорулатуу:
Билимин өркүндөтүү, жаңы ыкмаларды окутуу курстары боюнча бир нече көп кырдуу сертификаттардын ээси.
Балдарды коргоо уюмунда 2016-жылдан2021-жж. «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын педагогдорунун усулдук окутуусу» аттуу курсунун эл аралык тренери.
2018-2019-жж. «Балдардын эрте жаштагы өсүп-өнүгүүсү (БЭЖӨӨ) жана тынчтык куруучулук (ТК) » тренинг семинарынын тренери жана 1-улуттук форумдун катышуучусу (ЮНИСЕФ).
Басылмалардан чыккан илимий эмгектери:
Көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн натыйжасында КРдеги өзбек тилдүү мектептеринин 2,3,4,5,6-класстары үчүн «Англис тили» окуу китептерин авторлоштору менен жазган. Ошондой эле 8 окуу-усулдук колдонмолору, окуу-усулдук комплекси, 45 тен ашуун илимий макалалары, илимий эмгектери жарыкка чыккан.