Өмүр баяны

Мен, Усарова Гулбахор Уринбоевна 1980-жылы 11-февралда Анжиян областынын Коргон-Төбө районуна караштуу Дардак айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулуп,            7 жашка чейин ата-энесинин колунда тарбияланып, мектепке 1-класска кабыл алынганмын.   11-классты 1997-жылы айылдагы Барпы Алыкулов атындагы  орто мектебинен ийгиликтүү аяктадым.        

 1997-жылы ОшМУнун кыргыз филология факультетине тапшырып, аны 2002-жылы ийгиликтүү аяктадым. 2000-жылдан баштап  КӨУнун кыргыз филология кафедрасында  эмгектенип келүүдөмүн. 2003-2006-жылдары КӨУнун аспирантура бөлүмүн ийгиликүү бүтүрдүм. 2007-жылы университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде кыргыз филология кафедрасынын  улук окутуучусу деп табылганмын.

Келечек адистеринин профессионалдык чыгармачыл активдүүлүгүн калыптандыруудагы сынчыл ойлоонун ролу” макала, “Полемикалык көз-караштын окурманга тийгизген таасири» макала, «Ч. Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романындагы антропоморфизмдин  сүрөттөлүшү”, “ЖОЖдордо кыргыз адабияты сабагында Мурза Гапаровдун өмүрү, чыгармачылыгын окутуу”, “Жаңы кыргыз адабияты сабагында студенттердин жазуу жана оозеки чыгармачыл активдүүлүгүн өнүктүрүү”, “Новатор акындынчыгармаларын ЖОЖдордо интерактивдүү методдордун негизинде окутуу”, “ЖОЖдордо кыргыз адабиятынан билим берүүнүн мааниси, максаты, милдети жана методологиялык маселелери (70-жылдагы повесттер)”, “Кредиттик технологиянын негизинде окутууда студенттердин чыгармачылык ой жүгүртүүсүн жогорулатуунун  психологиялык-педагогикалык негиздери”, “Азыркы мезгилдеги кыргыз педагогика илиминин калыптанышы”, “Билим берүү системасында болонья процессин жана кредиттик технологияны колдонуунун зарылдыгы жана милдеттери” макалаларым жарык көргөн.

Илимий жетекчим, профессор Б.К.Үкүева менен биргеликте «ХХ кылымдагы кыргыз адабияты предмети боюнча тесттер жыйнагы» окуу-усулдук колдонмо, «ХХ кылымдагы кыргыз адабияты предмети боюнча лекциялык курс» окуу китеби, «Салыштырма грамматика» предметинен практикалык сабактын иштелмеси (сырткы окуу бөлүмдөр үчүн окуу-усулдук колдонмо), «Кыргыз маданиятынын тарыхы» предметинен практикалык сабактын иштелмеси (сырткы бөлүмдөр үчүн), «Кыргыз жазуусунун тарыхы» предметинен практикалык сабактын иштелмеси  (сырткы бөлүмдөр үчүн), «Күн чыгыш жана боородош элдер адабияты» предмети боюнча окуу-усулдук комплекс, «Чет элдер адабияты» предмети боюнча окуу-усулдук комплекс, «Манас эпосу боюнча тесттер жыйнагы»,   «Чет элдер адабияты» предметинен (Чыгыш жана Батыш эл адабияты боюнча) окуу-хрестоматиясын чыгардым.

                        Көп жылдык үзүрлүү эмгегим, ийгиликтерим, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктерим жана билим берүү тармагына кошкон салымым үчүн университеттин «Алкышы»,  «Ардак грамоталары» жана    акчалай сыйлыктары, Ош    мериясынын мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымым үчүн «Ардак грамотасы», Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин «Ардак грамотасы», Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Ардак грамотасы», «Кыргыз тили» коомунун «Ыйык тил» төш белгиси, «Бакты нур продюсердик борбору» коомдук фондунун «Ардактуу мугалим» төш белгиси менен сыйланганмын.

       «Кыргыз адабиятындагы проза жанрын жогорку окуу жайларында окутууда кредиттик технологияны колдонуунун илимий-методикалык негиздери (70-жылдагы повесттер)» деген аталыштагы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (кыргыз адабияты) адистиги боюнча жазылган диссертациялык ишимди 2016-жылдын 17-июнунда ийгиликтүү коргоп,  педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болдум.

          Үй бүлөлүүмүн. Жолдошум Аттокуров Азимбек. Уулдарым Асан, Үсөн, Адилет жана кызым Амина мектепте окушат.

           Учурда Ош шаарындагы МЖК-1 кичи районундагы 6а-үйүндө жашап жатам. 

 

2022-жыл,  9-сентябрь                                                    Усарова Г.У.