2023-жылдын 26-майында ОшМУда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30-жылдыгына арналган “Конституция жана юридикалык илимдин өнүгүү келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга Юридика-бажы факультетинин профессордук-окутуучулар курамы катышышты.
2023-жылдын 3-майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети экономикалык-юридикалык факультети тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-жылдыгына карата “Кыргыз Республикасынын Конституциясы: абалы жана келечеги” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Юридика-бажы факультетинин профессордук-окутуучулар курамы ѳз баяндамалары менен катышып, сертификаттарга ээ болушту.
2023-жылдын 8-10-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (ПКР УАК) ОшМУ менен биргеликте “Академиялык даража издегендер (докторанттар жана аспиранттар) үчүн окуу жайлар” аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Юридика-бажы факультетинин профессордук-окутуучулар курамы катышып, сертификаттарга ээ болушту
2023-жылдын 24-ноябрында
ОшМУ-ти тарабынан уюштурулган “ Юридика билим берүүнү жана илимди туруктуу өнүктүрүүгө өтүүдө санариптештирүүнүн ролу” аталышындагы илимий-практикалык конференцияга Юридика-таможенный факультетин окутуучулары катышып, сертификаттарга ээ болушту.
Юридика-бажы факультетинин ПОЖ курамынын 2023-жылдын январь айынан декабрь айына чейинки жарык кѳргѳн илимий эмгектери