Өздүк маалыматтары
Жусупова Даанагүл Ымамидиновна 1969-жылы 17-апрелде Ош областынын Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында педагогдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1986-1991-жылдары Бишкек шаарындагы В.В.Маяковский атындагы кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун «Чет тилдери» факультетин бүтүргөн жана «Англис жана немис тилдери окутуучусу» квалификациясына ээ болгон.
Эмгек жолун 1991-1996-жж. Ноокат районундагы «Кашкалдак» орто мектебинде англис тили окутуучусу болуп эмгектенүүдөн баштаган. Үзүрлүү эмгектин натыйжасында 1995-жылы "Биринчи категориядагы" окутуучу болгон.
1996-1998-жж. Ноокат районундагы Борко лицейинде чыгармачылык менен англис тилин тереңдетип окутуудагы активдүүлүгү менен жогорку категориядагы окутуучулукка жетишкен.
1998-2000-жж. Кыргыз-Өзбек университетинин «Чет тили» кафедрасынын англис тили окутуучусу жана усулдук кеңештин башчысы;
2000-2005-жж. «Чет тили» кафедрасынын ага окутуучусу;
2001-2003-жж. «Чет тили» кафедрасынын улук окутуучусу жана кафедра башчысынын орун басары;
2003-2009-жж. «Чет тили» кафедрасынын башчысы жана 2006-жылдан кафедранын доценти;
2009-2012-жж. «Герман филологиясы жана чет тили» кафедрасынын доценти;
Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык коммиссиясынын чечими менен (протокол № 6дц-2/24) 2012-жылдын 28-июнунда «Тил илими» адистиги боюнча ДОЦЕНТ окумуштуулук наамы ыйгарылган;
2012-2017-жж. Кыргыз-Өзбек университетинин Социалдык колледжинин «Педагогикалык сабактар» бирикмесинин башчысы.
2015-2018-жж. кызмат ордуна байланыштуу ОшМУнун педагогика багыты боюнча сырттан билим алып бакалавр дипломун алган.
2017-2018-жж. Социалдык колледжинин «Тил сабактары» бирикмесинин доценти болуп эмгектенген.
2019-2020-жж. Кыргыз-Өзбек университетинин окуу департаментине караштуу чет тилдери кафедрасынын кафедра башчысы, доцент.
2020-2021-жж. Кыргыз-Өзбек университетинин Тарых филология факультетинин чет тилдери кафедрасынын кафедра башчысы, доцент.
2021-2022-жж. Б.Сыдыков атындагы КӨЭАУнин магистратура бөлүмүнүн “Педагогика(башталгыч билим берүү)” багытын артыкчылык диплому менен аяктаган.
2022-2024-жж. Б.Сыдыков атындагы КӨЭА университетинин Тарых-филология факультетинин англис филологиясы кафедрасынын доценти болуп эмгектенип келүүдө.