· 2025-жылдын 29-ноябрында өткөрүлгөн «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция ФМОУ кафедрасынын ФМО(Ф)-23 тайпасынын студенттери Асылбек кызы Биби-Мариям I-даражадагы жана Токтосунова Азема II-даражадагы диплом менен сыйланышты. Жаш илимпоздорго андан ары илимий чыгармачылыктарды жана илимге кошкон алгачкы расмий таанылышы менен кафедранын ПОЖу чын жүрөктөн куттуктайт. Келечекте да атак-даңк кош болсун!
Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында Наманган мамлекеттик университетинин доценти Набиев Аъзамжон Ботиржонович 2025-жылдын 9-24-декабрь күндөрү конок лекциясын жогорку деңгээлде биздин университеттин студенттерине өтүп берди. Ошол менен бирге жогоруда аты аталган университеттин физика профилинин 1 магистранты жана 3 студенттери дагы өздөрүнүн билимдерин өркүндөтүп кетишти. Университеттер аралык түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизиде аткарыла турган иштердин пландары түзүп алынды. Анын алкагында тегерек стол уюштурулду жана 2 PhD докторлук академиялык даражасын изденип алуу үчүн аткарылган илимий иштин авторефераттары талдоого алынып, ФМОУ кафедрасынын окумуштуулары тарабынан оң рецензиялар берилди.
С Днём учителя! 🌷
Спасибо за терпение, мудрость и вдохновение.
Пусть каждый день приносит радость, уважение и гордость за учеников!
Академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында Ош мамлекеттик университетинин математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун “Жалпы физика жана физиканы окутуунун усулу” кафедрасынын төмөндөгү окутуучулар жамааты 2024-жылдын 16-18-декабрь күндөрү физика профилинин 2-3-курсунун студенттерине өздөрүнүн конок лекцияларын өтүштү:
o Калбекова М.Ж., Молдоярова Ж.Б. “Физиканы окутууда электрондук платформаларды пайдалануу”
o Макамбаева Ж.А., Калидин кызы Т “Физика сабагында виртуалдык лабораториялык жумуштарды колдонуу”
o Бекжан к Г., Эгемназарова А.Ж. “Жасалма интеллекттин физиканы окутуудагы ролу” деген темада
Конок лекция учурунда студенттер менен тыгыз байланыш түзүлдү жана ушул кафедра менен окутуучулар маектешүү учурунда, өздөрүнүн окуу жайына академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттерди жөнөтүүнү сунуш кылды. Бул окутуучулар жамаатынын иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге тереӊ ыразычылыгыбызды айтабыз.
30.11.2024-жылы ОШМУда студенттик илимий конференцияга ФМББ(Ф)-23 тайпасынын студенти Асылбек кызы Биби-Мария кафедранын доценти Ш.К.Хаитовдун жетекчилиги астында "Санариптик-физикалык жабдуулардын жардамында демонстрациялык тажрыйбаларды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү" аталышындагы темада доклады менен катышып II даражадагы дипломго ээ болду. Асылбек кызы Биби-Марияны алгачкы илимий жетишкендиктерди менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Коллектив кафедры!!!