М.М. Тайиров атындыгы
Кызыл - Кыя Гуманитардык - Педагогикалык
Институту
М.М. Тайиров атындыгы
Кызыл - Кыя Гуманитардык - Педагогикалык
Институту
М.М. Тайиров атындыгы Кызыл - Кыя Гуманитардык - Педагогикалык Институтунун Китепкана бөлүмү 1998 - жылы 15 - сентябрьда түзүлгөн азыркы күндө китепкананын фонду 46376 түзөт
2019 - жылдан бери китепканада
2023 - жылдан бери китепканада
2024 - жылдан бери китепканада
Ирбис 64+ программасын жана электрондук китепкананы пайдаланууну жайылтуу максатында структуралар арасында семинар өтүлдү.
ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КӨРГӨЗМӨ ӨТКӨРҮЛДҮ
2024-жылдын 14-февралында БатМУнун М.М. Тайиров атындагы КГПИде Эл аралык эне тил күнүнө карата окуу жайдын китепкана башчысы М.Көчкөнованын жетекчилиги менен китеп көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чарага КГПИде эмгектенип жаткан илимпоздордун, окутуучулардын кыргыз тилинде жазылган илимий эмгектери коюлду.
Анда китептердин авторлору өздөрүнүн жазган эмгектери тууралуу маалыматтарды беришти. Көргөзмөгө келген ар бир студент чыгармачылык менен жазылган илимий эмгектерди, монография, усулдук колдонмолорду барактап көрүп, таасир алышты.
"УЛУУЛАРДАН УЮТКУЛУУ ЭМГЕКТЕР" аттуу иш-чара өткөрүлдү
_______
2023-жылдын 21-декабрында М.М.Тайиров атындагы КГПИнин чоң залында окуу жайдын улуу муундагы профессордук-окутуучулары тарабынан 2023-жылы жарыкка чыккан " Улуулардан уюткулуу эмгектер" аттуу адабий-тарыхый китептердин бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чараны китепканачылар гуманитардык факультетинин жамааты менен биргеликте уюштурушту.
1. Т.и.к., доцент А.Ш.Абдикеримов (авторлоштукта) "Кызыл-Кыя шаарына 125 жыл";
2. Ага окутуучу А.К.Көчкөнов жана п.и.к., доцент Ш.Ураимовдун “Тарых барактарынан табылган эл ырчылары”;
3. П.и.к., доцент Ш.Ураимов, ага окутуучу А.Көчкөнов “Санжыра – тарыхый булак”;
4. Т.и.к., доцент А.Т.Бердиевдин “Абсамат Масалиев – Кыргызстандын мамлекеттик жана коомдук ишмери”;
5. Ф.и.к., доцент Ф.М.Кайымованын (авторлоштукта) “Акындар поэзиясын окутуунун технологиялары”;
6. Педагогика жана психология кафедрасынын доценти, п.и.к. Б.А.Азимбаевдин “Кызыл-Кыя шаарынын тарыхы”.
Жогорудагы аты аталган авторлор өз эмгектеринин жазылыш тарыхы, китептин мазмуну, кызыктуу фактылар, баалуу маалыматтар боюнча баяндама жасашкан соң, залда отурган студенттер жана окутуучулар курамы тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.
Иш-чаранын соңунда директордун окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, б.и.к., доцент А.А.Абдибаитова сөзгө чыгып, иш-чараны уюштурган гуманитардык факультетинин жетекчилигине, жамаатына жана илимий борбордун жетекчиси Ф.Кайымовага терең ыраазычылык билдирип, мыкты деңгээлдеги иш-чара уюштурулгандыгын, мындан кийин да бул саамалыкты улантуу зарылдыгын баса белгиледи. Эмгектердин авторлоруна дирекция тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды.
Ар бир автор өз илимий багыты, изилдеп жаткан темасына байланышкан өтө кызыктуу фактыларды, баалуу маалыматтарды айтып өтүшүп, бул иликтөөлөр дагы да уланып жаткандыгын кошумчалашты.
УЛУУ ЖАЗУУЧУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ БОЛУП ӨТТҮ
2023-жылдын 12-декабрында БатМУнун М.М.Тайиров атындагы КГПИнин гуманитардык факультетинин эмгек жамааты, окуу жайдын китепканачылары жана студенттер менен биргеликте Ч. Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган «Ч. Айтматов ааламына саякат» аттуу адабий-композициялык кече уюштурулду.
Иш-чарада КГПИнин директорунун окуу жана илимий иштери боюнча орун басары, б.и.к., доцент А.А.Абдибаитова, гуманитардык факультетинин деканы, ф. и. к., доц. Ф.М.Кайымовалар сөзгө чыгышып, Улуттук адабият күнүнүн мааниси, Ч.Айтматовдун адабият ааламындагы салмактуу орду боюнча сөз сүйлөштү.
Кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, тарых жана англис тили профилдеринин 1-курстарынын студенттери «Эрте келген турналар», «Делбирим», «Ак кеме», “Биринчи мугалим» сыяктуу атактуу чыгармаларынын негизинде сахналык көрүнүштөрдү жогорку деңгээлде даярдашып, ыр-бийлерди аткарышты.
Мындан сырткары, күндүн биринчи бөлүгүндө Айтматов каанасынын ачылышы болду. Каана аталган факультеттин жетекчилиги жана кыргыз тили жана тарых кафедрасынын окутуучусу Б.Атабекова тарабынан демилгеленип ачылып, залкар сөз зергери Ч.Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгын чагылдырылган материалдар менен толтурулду.
Ошондой эле, бул иш-чара менен бирге 1-курстарды кабыл алуу аземи да кошо өткөрүлдү. Анда иш-чарага активдүү катышкан 1-курстун айрым студенттерине Ардак грамота менен кошо белектер тапшырылды. Ал эми бүтүрүүчү курстардын студенттери да 1-курстар үчүн студенттик жаркын күндөрдүн элесин сактап койгула деп, символикалык мааниде фотоальбомдорду белекке беришти.
Бүгүн Кызыл-Кыя шаарында "Китеп той" деген аталыштагы маданий-адабий кече болуп өттү.
Бул иш-чаранын алкагында "Бир адамдан бир китеп" аттуу долбоору Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунда марафон катары уюштурулуп, ага шаарыбыздагы түрдүү тармактарда эмгектенген инсандар келип салым кошушту.
Ошону менен бирге окуу жайыбызга келген белгилүү инсандар:
🇰🇬-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков;
-Энелер мектебинин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов,
-Көптөгөн китептердин автору, коомдук ишмер Мамбетасан Ибраев,
- Бир адамдан бир китеп долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков,
- Төкмө акын Мамбет Өмүр акын,
КЫРГЫЗ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КӨРГӨЗМӨ ӨТКӨРҮЛДҮ
2024-жылдын 23-сентябрында БатМУнин М.М. Тайиров атындагы КГПИда Кыргыз тил күнүнө карата окуу жайдын китепкана башчысы Ж.Каныбек кызы жетекчилиги менен китеп көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чарага КГПИде эмгектенип жаткан илимпоздордун, окутуучулардын кыргыз тилинде жазылган илимий эмгектери коюлду.
КЫРГЫЗ ТИЛИМ
Тил барда билсек улутбуз
Тил менен бийик турупбуз.
Таштасак тилди баалабай,
Таштардай эле курукбуз.
Бекемдейт тили улутту,
Билгенге тили улукпу.
Берилбей башка тилдерге,
Берсек дейм муунга уютку.
Кызматты кылып кыргызга,
Кең сүйлөсөк кыргызча.
Кылымдар кылып күбөлүк,
Көтөрөт баркын жылдызга.
1994-жылдан бери дүйнөнүн жүздөн ашык мамлекетинде 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү катары майрамдалып келет. Бул күн мугалимдердин жана билим берүү тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип, алардын билим берүүгө жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы даңазаланат.
Урматтуу Мугалимдер, майрамыңыз куттуу болсун!