КТЭУИ

1 Дүйнөдөгү эң чоң жана эң кымбат китептер

Дүйнөдөгү эң чоң китеп Дубайдын белгилүү соода борборунун биринде көргөзмөдө турат. Анын өлчөмү 58,06 мм, салмагы 1500 кг. 429 беттен турган бул китеп алтындан жасалган тамгалар менен кооздолгон. Бул “Мухаммед” деген китепте Мухаммед пайгамбарыбыздын (ага салам жана салаваттар болсун) жашоосу жөнүндөгү окуялар топтолгон, ошондой эле исламдын дүйнөлүк маданиятка жана гуманитардык багытка тийгизген оң таасири чагылдырылган. Мисс Марпл жөнүндө жазылган 12 роман жана 20 аңгеме 4032 бетке топтолгон. Китептин калыңдыгы 322 мм, салмагы 8 кг. жеткен. Аталган эмгек 2009-жылдын 20-майында Лондондо жарыкка чыккан. Мындай жоон китеп окууга оор болсо да, 500 нуска менен чыккан. Рекорддогу китептер Китептер дүйнөсүндө Леонардо Да Винчинин “Лестердин кодекси” деген эмгеги эң кымбат кол жазма катары саналат. Аны 1994-жылы Билл Гейтс 31 млн. долларга сатып алган. Кол жазма 64 барактан турат жана тери булгаары менен сыртталган. Рекорддогу китептер албет­те, булар чексиз китеп дүйнөсүнүн бир гана тамчысы. Биз бар болгону китептердин сырткы көрүнүшүнө, баасына жана көлөмүнө көңүл бурдук. Бирок, маани-маңызы китеп­тин сыртында эмес, ичинде экенин айттырбай эле билсек керек.

2 Дуйно барктаган 10 китеп

“Акылдуу болуш үчүн он китепти окуп чыгуу жетишерлик, ал эми он китепти табыш үчүн миң китеп окуш керек”

1. Алхимик Бул китептин автору-өзүнүн кайталангыс чеберчилиги менен дүйнөлүк адабиятта окурмандардын арзуусуна айланган Пауло Коэльо. “Алхимик” романы бүгүнкү күндө эң көп сатылган китептердин бири. Ал дүйнөнүн 67 тилине которулуп, 35 млн. нускада жарыяланган. Ал эми роман 1998-жылы “Лир” журналынын сурамжылоосу боюнча дүйнөдө эң көп окулган китептердин ичинен экинчи орунга чыккан. Чыгарма адамдын өзүн-өзү таануусуна жана максатка тынымсыз умтулуусуна шыктандырат. Окурмандардын айтымында, чыгарма мотивация, дем-күч берүүдө таасири күчтүү. Идеясы: "Эгер бир нерсени чын жүрөгүңдөн кааласаң, бүткүл Аалам анын аткарылышына мүмкүнчүлүк берет". 2. Жүз жылдык жалгыздык Чыгарма латын америкалык Габриэль Гарсиа Маркестин дүйнөлүк талкууга түшкөн эмгеги. Окурмандардын көңүл чордонунан орун алган бул чыгарма жарым кылым мурун жазылса да, учурда колдон түшпөй окулган китептердин сап башында. Жазуучу бул чыгармасы үчүн 1982-жылы Нобель сыйлыгына татыган. Магиялык реализмдин манифести аталган чыгарманын өзөгүндө Макондо кыштагынын жашоо-турмушу, андагы социалдык, саясий жана экономикалык өнүгүүлөр жана чегинүүлөр сүрөттөлөт. Эң кызыгы китеп испан тилинде жарыкка чыккандыгы жана китептердин ичинен эң көп которулгандыгы менен өзгөчөлөнөт. Испанияда “Дон Кихоттон” кийинки орунда турат. Идеясы: "Ар жалгыздык башта бар". 3. Чал жана деңиз Китеп атактуу америкалык жазуучу Эрнист Хеменгуэйдин калемине таандык. Повесть 1952-жылы жазылып, окурмандардын калың катмарына жарыяланган. Дал ушул чыгарма аркылуу жазуучу 1954-жылы Нобель сыйлыгын алган. Чыгармада кубалык Сантьяго аттуу карыя 84 күндүк балык улоосунда эч бир олжого ээ болбой, 85-күнү анын торуна беш метр узундуктагы марлин балыгы илингендиги, экөөнүн ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп, аягында өжөрлүгүнөн тайбаган карыя жеңишке жеткендиги баядалат. Идеясы: "Адамды өлтүрүүгө болот, бирок аны жеңүү мүмкүн эмес". 4. Гарри Поттер жана философиялык таш Аталган чыгарманы автор басмага 12 жолу берип, бирок, бир да жолу кабыл алынбай койгон. Ал 1997-жылы жазылып, нускасы 150 миллионду түзгөн. Чыгарманын автору Джоан Роулинг 1965-жылы Англияда төрөлгөн. 1999-жылы Манчестерден Лондонго болгон сапарында анда “Гарри Роттер” чыгармасын жаратуу идеясы пайда болгон. Бирок чыгарма 7 жылдан соң гана жарыяланган. 2007-жылы “Форбс” журналы Роулингге “Жыл адамы” деген номинацияны ыйгарган. 2010-жылы бул айым “Англиянын эң таасирдүү аялы” деген наамды алган. Идеясы: "Учурду унутуп, түш менен кыялда жашабаш керек". 5. Кичинекей ханзаада Чыгарманын ээси Антуан де Сент Экзюпери китепти 1943-жылы басмадан чыгарган. Ага атак-даңк алып келген, дал ушул китеп болгон. Бүгүнкү күндө да чыгарма окурмандар арасында өтө таанымал жана эң көп суроо-талапты жаратып келет. Китеп алгач 80 млн. нуска менен чыкса, көп өтпөй нускасы 200 млн. даанага жеткен. 180 тилге которулган. 2012-жылдан баштап дүйнөлүк балдар адабиятындагы эң алдыңкы чыгарма катары сыпаттала баштаган. Китеп балдарга арналып жазылса да, негизги аудиториясы чоң адамдар. Мында достук, ишеним даңаза кылынып, ал эми карасантайлыкты жектөө кеңири орун алат. Китептин эң чоң өзгөчөлүгү андагы сүрөттөрдүн автор тарабынан тартылгандыгы болуп саналат. Идеясы: "Адам, эң таза жүрөгү менен гана көрө алат. Ал эми көздөр, чыныгы көрүшүбүз зарыл болгон нерсени көрө албайт". 6. Досторго ээ болуу жана адамдарга таасир калтыруу өнөрү Китептин автору Дейл Карнеги капиталисттик шарттагы адамдардын мамилесин чагылдырат. Чыгармадан автордун ой-жоромолдору бүгүнкү күндөгү кесипкөйлөрдүн ишмердигине багытталып, аларга кеп-кеңештер берилгенин байкай алабыз. Ошондой эле жакын адамдар, досторго болгон мамилени чыңдоодо дал ушул китеп жол көрсөткүч болуп берерин адистер айтышат. Идеясы: "Башкаларды уга билип, анын ордуна адам өзүн кое билиши керек". 7. Акыркы лекция Ренди Пауш өзүнүн өмүрүнүн аз калгандыгын билгенде “Акыркы лекция” чыгармасын жазууга киришкен. Аталган эмгек, аз убакыттын ичинде эле Америка элинин аң-сезимине төңкөрүш жасап, эң көп окулган китептердин катарын толуктаган. Чыгарма бардык аудиторияга арналып жазылган. Идеясы: "Жашоо, ден- соолук жана убакыт баарынан кымбат турат". 8. Бай атам жана кедей атам “Бай атам жана кедей атам” Роберт Киосакинин калемине таандык автобиографиялык чыгарма. Эң кызыгы чыгарма алдыңкы 5 жылдын ичинде эле кирешелүү китептердин биринчи сабына чыккан. Китеп бир гана бизнес жаатында эмес, башка тармактагы окурмандардын да купулуна толгон. Алгач китеп 11 млн нускада чыкса, учурда 26 млн.го жетти. Киосакинин азыркы учурда 15 китеби бар. Идеясы: "Адам дүйнөнү өзгөрткүсү келсе, өзүнөн башташ керек". 9. Оливер Твисттин укмуштуу окуясы Автору Чарльз Диккенс 1812-жылы Англияда жарык дүйнөгө келген. Чыгарманын өзгөчөлүгү, Диккенсдин экинчи романы жана англис адабиятында башкы каарманы бала болгон биринчи роман. Негизги мазмунунда жетим Оливердин кыйынчылык менен күрөшүүсү, башынан өткөргөн түрдүү оош-кыйыштар сүрөттөлөт. Англис реализмин чагылдырган чыгарма курч, социалдык турмушту баяндайт. Идеясы: "Адам жүрөгүнүн тереңинде бирөөнү ууландыруу кумары жатат". 10. Шакектердин падышасы Аталган чыгарма Джон Рональд Руэл Толкиндин эң популярдуу китептеринин бири. Чыгарма бүтүн чыгарма болуп жазылганы менен басмаканада үчилтик кылып чыгарышкан. Алар “Шакектердин падышасы”, “Эки чеп”, “Падышанын кайтып келүүсү” деген аталыштар менен басылып чыккан. Китеп баш-аягы 12 жыл жазылган жана 19-кылымдын эң мартабалуу китептеринин катарын толуктайт. Экрандаштырылган чыгарма баш-аягы 150 млн. тиражда сатыкка чыккан. Идеясы: "Жашооңду кеч түшүнгөн өкүнүчтөрүң менен кыйындатпа" . "Бизди курчаган Аалам өтө чоң. Өзүңдү-өзүң Ааламдан төрт дубал менен курчап, бекинип алсаң болот, бирок Аалам сени бекитбейт".