Кытай Элдик Республикасынын электромобилдерди чыгаруу заводунун мененджери Юмин айым менен жолугушуу.
Выставка ЭКСПО-2021-ж Ош.
Студенттердин практика учурунан көрүнүш
Сабак учуру
Эл Аралык Медиа форум Бишкек 2022-ж
2026-жылдын 23-апрелинде «AK-DUURA FASHION WEEK 2026» аталышындагы жаш дизайнерлердин кароо-сынагына студенттер активдүү катышып келишти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн чыгармачылык эмгектерин сунуштап, заманбап мода багытындагы жаңы идеяларды жана дизайнерлик чечимдерди көрсөтүштү. Кароо-сынагы жаш дизайнерлердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, тажрыйба топтоого жана кесиптик чеберчилигин арттырууга өбөлгө түздү.
2025-жыл Коллекция Исраилова Г.А.
2025-жылдын 24-декабрында МЭжД кафедрасынын окутуучулары Таабалдыева Д.Т., Баитова Ж.М., Узакбаева У.Ж., Абдыкадыр кызы Диана, Алабидинова Э.Э., Ош технологиялык университетинде Технология жана жаратылышты пайдалуу институнун Жеңил өнөр жайынын технологиясы кафедрасы тарабынан “Жаш жаратман “ аталышындагы жогорку окуу жайлар арасындагы көргөзмөгө ИКТ-1-22, ДО-1-24 тайпа студенттерин алып барышып байгелүү орундарды алышты.
2025 - жылдын 14-ноябрында МЭжД кафедрасында Ош шаарынын мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичтин демилгеси менен Алымбек Датканын 225 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү уюштурулду;
Факультеттер аралык өткөрүлгөн спорттук иш-чаранын алкагында шахмат спорту боюнча МЭжД кафедрасынын мүчөлөрү Эргешова А.М. жана Алабидинова Э.Э. ийгиликтүү катышып, жогорку чеберчилигин көрсөтүү II орунду ээлешти.
Магистранттарды башка жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы менен тааныштыруу жана академиялык мобилдүүлүккө даярдоо максатында 2026-жылдын 10-апрелинде университеттин делегациясы магистратура бөлүмүнүн башчысы Тилекова Н.Д. жетектөөсү менен магистранттар үчүн таанышуу экскурсиясын уюштурду. Экскурсиянын жүрүшүндө магистранттар окуу жайдын окуу-илимий лабораториялары, билим берүү шарттары жана материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышып, өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.Иш-чара магистранттардын кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө жана келечектеги академиялык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.
2026-жылдын 16–17-апрель күндөрү кафедранын окутуучулары — философия илимдеринин кандидаты Акматова Гульнара Эргешовна, Эргешова Айгүл Мыйзамбековна, Таабалдыева Дурдана Таабалдыевна жана магистранттар Алабидинова Э.Э., Абдыкадыров Д., Гапарова Б.А., Алмасбек к Л., Баитова Ж.М. Бишкек шаарындагы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өткөн «Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедрасынын 30 жылдыгына арналган «Костюм дизайнындагы жана көркөм маданияттагы салттар жана тренддер» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
Аталган конференциянын алкагында катышуучулар дизайн тармагындагы заманбап тенденциялар, улуттук көркөм маданияттагы салттарды сактоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча баяндамаларды угуп, кесиптик тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Конференцияга катышуу окутуучулар менен магистранттардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.
2026-жылдын 22-апрелинде саат 10:00дө Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинде даярдалып жаткан билим берүү программаларынын (багыттарынын) бакалавр жана магистр академиялык даражалары боюнча билим сапатын жогорулатууну камсыздоо максатында стейкхолдерлер — иш берүүчүлөр, ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү программаларынын мазмунун өркүндөтүү, эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди даярдоо, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү жана сапаттуу билим берүүнү камсыздоо маселелери талкууланды. Катышуучулар өз сунуш-пикирлерин билдирип, билим берүү процессин мындан ары жакшыртуу боюнча конструктивдүү сунуштарды беришти. Иш-чара билим берүү программаларынын сапатын жогорулатууга жана билим берүү менен өндүрүш ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.