ГЕНДЕРДИК-СЕЗИМТАЛ ЖУРНАЛИСТИКАГА УМТУЛУУ ЖӨНҮНДӨ МАКУЛДАШУУ

2021-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарында өткөн "Медиадагы гендердик оптика" аймактык форумунда кабыл алынды жана бирдей юридикалык күчкө ээ болгон кыргыз жана орус тилиндеги түп нускада түзүлдү. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда медиа уюмдар кыргыз тилиндеги текстти жетекчиликке алат. Азыркы учурда 20 ашык медиалар кабыл алышты. 

1.Жалпы жоболор

1. Ушул Макулдашуу төмөндө көрсөтүлгөн шарттарда ушул Макулдашууну кабыл алган медиа уюмдар үчүн сунуштама болуп эсептелет.

2. Макулдашуу медиа уюмдарда гендердик-сезимтал журналистиканын жана гендердик теңчилик принциптерин илгерилетүү боюнча сунуштарды камтыйт.

3. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамдын, КР журналисттеринин Этикалык кодексинин, Медиалар үчүн гендердик-этикалык кодекстин, Кыргыз Республикасы кабыл алган эл аралык пакттардын жана кодекстердин ченемдерин камтыйт.

2.Негизги максаты

4. Ушул Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасынын медиа уюмдарына гендердик-сезимтал журналистиканын принциптерин киргизүү болуп саналат.

3.Медиа уюмдарга сунуш

5. Ушул Макулдашууну кабыл алган медиа уюмдар өз ишмердүүлүгүндө жана редакциялык саясатында гендердик теңдикке умтулууга, гендердик-сезимтал журналистиканын принциптерин киргизүүгө милдеттүү.

6. Өз ишмердүүлүгүндө гендердик стереотиптерге жана дискриминацияга жол бербейт.

7. Журналисттер кесиптик ишмердигинде сексисттик кастыктан алыс болуп, гендердик-сезимтал тилди колдонуп, аялдар менен эркектерге бирдей мүмкүнчүлүктөрдү бериши керек.

Гендердик зомбулук учурларын чагылдырууда журналисттер курмандыктардын укуктарын жана таламдарын сактоого милдеттүү. Кастык тилин, анын ичинде сексисттик терминологияны колдонбошу керек.

8. Кадр саясатында, милдеттерди жана темаларды бөлүштүрүүдө гендердик дискриминацияга жол берилбейт, аял менен эркектерге бирдей жумуш шарттарын, бирдей эмгек акыны жана карьералык өсүш үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү кепилдейт.

4.Медиа уюмдар үчүн зарыл чаралар

9. Сексуалдык ыдык, гендердик дискриминациянын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүү. Кызматкерлерден даттануу келип түшкөн учурда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына жана Медиалар үчүн гендердик-этикалык кодекске ылайык текшерүү жүргүзүп, акыйкат чечим кабыл алуу зарыл.

Медиалар үчүн гендердик-этикалык кодекс.pdf
Гендерно-этический кодекс для журналистов КР (1).pdf