"Аалам алпы Чынгыз Айтматов " аттуу илимий-практикалык конференция

 11-декабрдан -15-декабрга чейин К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде  Кыргыз элинин залкар жазуучусу, коомдук жана саясий ишмер Ч.Айтматовдун жаркын элесине арналган жумалык болуп өттү. Бул жумалыкка  ар бир факультеттин студенттери жана мугалимдер жамааты  активдүү катышышты. Жазуучубуздун  өмүр баяны, чыгармачылык жолу, алган сыйлыктары, жасаган иштерине кеңири токтолушуп, даңазалап, улуу инсанга арналган студенттер өздүк чыгармаларын окушуп, көркөм чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырышып көрөрмандардын арзуусуна татыды.

 15-декабрда жумалыкты жыйынтыктоо максатында “Аалам алпы Чынгыз Айтматов ” аттуу илимий-практикалык конференция  «Толкун» маданий-эстетикалык борборунда болуп,  конференцияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Каракол шаардык мэриясынан, КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинен өкүлдөр келишип  иш – чарага активдүү катышып беришти. Куттуктоо сөздөр айтылып, докладдар окулуп, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен аяктады.

Кыргызстандын залкар уулу Чынгыз Төрөкулович Айтматов жөнүндөгү жаркын элес кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат жана анын чыгармачылык мурасы дүйнө элдеринин жалпы адамзаттык маданиятына баа жеткис салым, көзү өтүп кетсе да чыгармаларында түбөлүк жашай бермекчи.  
Comments