Adylbek Kanimetov, PhD

The Altai Indigenous Nations on the Threshold of the 21st Century

Adylbek Kanimetov, PhD

K. Tynystanov Issyk-Kul State University, Karakol, Kyrgyz Republic

a.kanimetov62[at]gmail.com

Алтай тектүү элдер XXI кылымдын босогосунда

Дүйнөлүк цивилизацияга басымдуу салым кошкон Индоевропалык тил үй-бүлөсүндө турган элдер сыяктуу эле Алтай үй-бүлөсүндө турган калктар дагы эң байыркы замандан бери калыптанган түптүү элдердин бир бөлүгүн түзгөн түрк элдери Евразия континентинин бирден-бир чоң элдеринин тобу. Булардын кеминде үч миң жылдык тарыхы болуп, азыркы мезгилдин глобалдуу маселелерине активдүү катышып келе жатат.

Азыркы алтай тектүү элдер XXI кылымдын босогосунда туруп, технологиялык цивилизациянын багытына бет алуу менен түрк мамлекеттери өзүнүн геосаясаттык жайланышы боюнча батыш инвесторлорун аябай кызыктырууда. Алтай тектүү элдердин, алардын ичинде түрк тарыхын изилдөө, алардын дүйнө цивилизациясындагы тарыхнаамасынын бирден-бир максаты болуп саналат. Муну ишке ашыруу илимде гана эмес, агартуу, тарбиялоо багытында да зор мааниси бар маселе экендиги чындык.

Бул көрүнүшкө чейин европецентристтик концепциянын алкагында турган тарыхнаама түрк элдерин артта калган, экинчи сорттогу элдер катары сүрөттөп келишсе, ал эми XVIII-XIX кылымдагы колониялык ээлеп алуулар доорунда, ал элдерди каратып, башкара бер деген принципте жашап келе жатат.

Кыргыздарга, Орто Азия элдерине, жалпы эле Алтай тектүү элдердин тагдырына туш келген мындай бөлүп жарууну максат койгон саясий, идеологиялык стратегиянын кесепеттери, айрыкча СССРдин алкагында 1920-30-жылдарындагы декларативдик улуттук күнкорсуздуктун түзүлүшүнөн көрүнгөн. Советтер Союзунун талкаланышы, мурунку тоталитардык бийликтин жоголушу менен башталган постсоветтик доордо коммунисттик биримдиктин алкагында турган түрк элдеринин тарыхый тагдыры жаңы тарыхый мезгилдин башатына туш келген.

Алтай тектүү элдердин басымдуу бөлүгү, коомдук-экономикалык мамилелеринин түп-тамырынан бери өзгөрүүсүнүн натыйжасында гана декларативдик эмес, чыныгы суверенитети дүйнө биримдигине таанылып олтурат. Алтай тектүү элдер башка цивилизациялуу дүйнө элдери менен тең ата, толук укуктуу улуттарга айланып, XXI кылымга ишенимдүү кадам шилтөөгө багыт алган. Алтай тектүү элдер жөнүндө маалыматтарга карасак, дүйнөлүк чыгыш таануучулардын көпчүлүгүнүн ою боюнча Дунай дарыясынан Тынч океанга чейинки Улуу Талаа деп аталган мейкиндикте байыркы мезгилден баштап Урал-Алтай тил жалпылыгы генетикалык жана географиялык жактан калыптанган. Урал-Алтай тил жалпылыгынын бир бөлүгү болгон Алтай тил үй-бүлөсү үч топтон: түрк, түркө-монгол, тунгус-манжур тил топторунан турат. Түрк тобуна кирген элдердин калыптанышына байыркы хунну же гун эли чоң салым кошуп, алар кийинки түрк тилинде сүйлөгөн башатты түзүшкөн. Азыркы лингвисттердин басымдуу бөлүгүнүн пикири боюнча түрк элдери тилдик жактан экиге бөлүнүшөт.

Биринчиси: Батыш – хунн жамааты аларга (булгар, хазар, авар, сувар, чуваш, огуз, түркмөн, печенег, кара уздар, гагауз, сельджук, осмон, азербайжан, Түркия түркү, караим, кумык, карачай, балкар, крым-татары, татар, башкорт, ногой, казак, каракалпак, урум, уйгур, караханид, карлук, төргөш, ягма, тухси, чагатай, өзбек жана башка);

Экинчиси: Чыгыш – хунн жамааты (тува, тофа, саха, хакас, шор, чулым, камасин, байыркы кыргыз, чигил, азыркы кыргыз, алтай ж.б.)

Мына ошентип, түрктөр байыркы хунну доорунан баштап эле мурунку Урал-Алтай тил жалпылыгы ээлеген жердин басымдуу бөлүгүн, башкача айтканда Дунайдан Байкалга, андан ары Саха жерине чейинки аралыкты ээлеп келишкен. Кийинки доорлордо башка тил үй-бүлөсүндө турган элдерди ассимиляциялоо менен түрк элдери улам татаалданып, азыркы учурда Евразия континентинин чоң бөлүгүн ээлеп турат. Цивилизациянын критерийлерине салыштырмалуу өнүккөн мамлекеттери болбосо да, Түркия сыяктуу белгилүү өлчөмдө өнүккөн, Өзбекстан, Казахстан, Түркмөнстан, Кыргызстан, Татарстан жана Башкорстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрү, өнүгүүгө географиялык, экономикалык жана руханий жетиштүү шарттары, көп сандаган элдери бар зор аймакты түзөт. Учурдагы маалыматтар боюнча дүйнөдөгү түрктөрдүн жалпы саны 330 миллиондон ашыгыраак.

Түрк элдеринин саны боюнча эң акыркы маалыматтарды Карачайстандык Хасан Халкёч аттуу “Кърачай” фондунун башчысы 2013-жылы берген. Аны бир аз толуктоо менен Ерментай жана башка казак изилдөөчүлөрү 2017-жылы интернет-сайтка жайгаштырышкан[7]. Төмөндөгү ошол маалыматтар адам санынын улам азайуу ырааты менен келтирилет.


Түрк элдери

саны

1

Туркиядагы түрктөр

100 млн

2

Азербайджан түрктөрү

60 млн

3

Өзбектер

50 млн

4

Уйгурлар

30 млн

5

Казактар

20 млн

6

Америкадагы автохондуу түрктөр (эң байыркы ацтек, мая сыяктуу элдер)

20 млн

7

Түркмөндөр

20 млн

8

Казан татарлары

10 млн

9

Кыргыздар

8 млн

10

Чуваштар

2 млн

11

Башкорттор

2 млн

12

Кашкайлар

2 млн

13

Мазандаран түрктөрү (Иран)

1 млн

14

Каракалпактар

1 млн

15

Кырым татарлары

1 млн

16

Сибир-татарлары

500 000

17

Кумыктар

500 000

18

Сака – якуттар

500 000

19

Месхет түрктөрү

500 000

20

Тывалыктар

300 000

21

Гагауздар

300 000

22

Карачайлар

300 000

23

Балкарлар

150 000

24

Ногайлар

90 000

25

Хакастар

80 000

26

Алтайлыктар

80 000

27

Тывалык Тоджиндер

50 000

28

Каджарлар

40 000

29

Шорлор

16 000

30

Телеуттар

3000

31

Кумандин түрктөрү

3000

32

Тофалар

1000

33

Түркиялар түрк жарандарынан башка Европа, Азия, Америка, Африка жана Австралия континенттеринде жашап жаткан түрк элдери

1 млн

Дүйнөдөгү бардык түрктөр – 331 млн. 413 000 чамалуу

Жогорку маалыматтарга кошумча тюркофилдердин (түрк элдеринин өз өкүлдөрүнүн, же түрк элдерин баалаган, сүйгөн адамдардын) көз карашында дүйнөдө 400 миллион адам түрк элдеринин өкүлдөрү болушат. Андан тышкары азыркы тюркофилдердин пикиринде 300 миллионго жакын түрк элдеринин өкүлдөрү Кытай Эл Республикасында байыркы мезгилден ушул күнгө чейин ассимиляция болуп (кытайлашып) кеткен деген илимий далилдер бар.

Бүгүнкү күнү дүйнөдө өз тили, символикалары жана мамлекеттүүлүгү бар түрк элдеринин жалпы саны 25тен ашуун, ал эми калгандары түрдүү континенттердин чоң-кичине мамлекеттеринин курамында жашап турушат. Бул азыркы ааламдашуунун натыйжасы деп билсек болот.

Түрк элдердин изилдөө негизинен XVIII кылымдан эле башталып, азыркы мезгилде бир катар ийгиликтерге жетишкени менен алдыда бир топ белгисиз ачылыштар күтүлүүдө. Айрыкча түрк элдеринин дүйнө тарыхындагы ордун жана ролун изилдөөгө албетте, түркология илиминин өтө чоң мааниси бар. Учурда бул илимий маселе кеңири жолго коюлуп, XX кылымдын ортосунан баштап “алтайистика” деген ат менен да комплектүү изилдене баштады. Бул илимий багыт тарыхый, тилдик гана илимий маселелерди камтыбастан, археологиялык, генетикалык, биологиялык жана башка илимий тармактар менен да байланышкан. Бул багыт боюнча Кыргызстанда да акыры кездерде активдүү көңүл бурула баштады. Маселен, 2017-жылдын 22-23 июль күндөрү Бишкекте Өлкө башчысынын демилгеси менен “Алтай цивилизациясы жана алтай тил бүлөсүнүн тектеш элдери” эл аралык форуму өтүп, бул дүйнөлүк деңгээлдеги өтө чоң иш-чара болуп саналат. Ал кыргыз элинин тарыхын тактоодо дагы бир топ маанилүү маалыматтарды берди. Алтай тектүү элдердин тарыхына жана тагдырына арналган бул форумга 12 мамлекеттин 20га жакын элдердин өкүлдөрү катышты.

Алтай тектүү элдердин тарыхын, тилин, дилин, руханий байлыгын үйрөнүү жана аны түрк тукумдарынын урпактарына жеткирүү, дүйнө коомчулугуна таанытуу, түркилердин түпкүлүгүн, басып өткөн жолунун ой-тилеги, мүдөөсү жана келечеги бир экендигин ырастап, алардын биримдикке умтулуусун күчөтөт. Алтай тектүү элдердин дүйнө тарыхындагы ордун улам тагыраак айкындап, дүйнө элине алардын аброюн көтөрөт жана цивилизацияга карай өнүгүүсүн ылдамдатат. Окумуштуулардын пикири боюнча түрк тилдеринин башатында алтай тилдери турган.

Азия элдеринин тарыхы боюнча маалыматтардын, ошондой эле түрк, монгол, тунгус–манжур тилдерин салыштырма–тарыхый жактан иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча түрк тилдери алты доорго бөлүнөт [4,28-б.]

1) Алтай доору.

2) Хунн доору (б.з.ч. V к.)

3) Байыркы түрк доору (V-X кк.)

4) Орто түрк доору, же негизи түрк урууларынын тилдеринин өнүгүү жана калыптануу доору(X-XV кк.)

5) Жаңы түрк доору, же элдик тилдин өнүгүшү жана калыптанышы (XV-XIX кк.)

6) Эң жаңы доор (ХХ кылымдан башталат).

Алтай тектүү элдердин арасындагы кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы калктардын катарына кирээрин жана өз мамлекетин негиздегени, кийин ал мамлекет күчтүү мамлекетке айлангандыгын Кытай жазма булактары кабарлайт. Кыргыз калкы, байыркы гунндар сыяктуу жалпы түрк тилдүү калктардын алгачкы мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүсү катары башка коңшулаш калктардын өнүгүү процессине өз салымын кошкон калк катары кароо туура болот.

Анткени Алтай – кыргыз элинин тарыхынын кыйла бөлүгүн камтыган аймак – “Алтай” , “Ала – Тоо ”, “Манас”, “Эне – Сай ” деген сөздөр ар бир кыргыз үчүн ыйык болуп саналат. Кыргыздар кылымдардан бери ушул күнгө чейин Эне-Сай менен түндүк-батыш Монголиядан тарта Теңир-Тоого чейинки, Фергана өрөөнү менен Памирде, Ала-Тоо менен Шинжанда кеңири мейкиндикти байырлап келе жатышат. Кыргыз этноними бүгүнкү күнгө чейин бүткүл ушул аймакта гидронимдер менен топонимдер түрүндө сакталып келатат. Көптөгөн тектеш алтай элдеринде бул ат урук-урууларынын аталыштарында жолукса, кыргыз урууларынын аталыштарынан көптөгөн элдердин түп тегин тапса болот. Ушунун баары- биздин ата – бабалар өз айланасына ар башка уруулар менен элдерди бириктирүү менен түзгөн эң кубаттуу мамлекет – Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн мезгили болгонун тарых барактары тастыктап турат.

Тарых булактарында “Кыргыз” этноними алгачкы жолу б.з.ч. 201 – жылы эскертилет. Белгилүү окумуштуу академик В.В. Бартольд өзүнүн эмгектеринде орто кылымдардагы орхон жазмаларында эскерилген, түрк элдеринин арасынан бир гана “кыргыз ” аталышы , ал убактын кыйла эрте мезгилдеги кытай булактарында жолугат деп жазган[3,40-б.].

Борбордук Азиядагы б.з.ч. III – I кылымдардагы саясий окуяларды жазган, кытай тарыхчысы Сыма Цяндын (б.з.ч. 99 – ж. эмгеги жазылып бүткөн) жана Бань Гунун чыгармаларында “байыркы кыргыздар” туура маалыматтар жазылган. Сыма Цяндын “Ши цзи” (“Тарыхый жазмалар”) деп аталган эмгегинде, хунну империясынын негиздөөчүсү Модэ Шаньюй б.з.ч. 201-жылы өзүнө караткан элдердин арасында, “кыргыз” ээлигин дагы баш ийдиргендиги айтылат. Анда хундардын башкаруучусу Модэ түндүктөрү Хуньюй, Кюеше, Диңмиң, Гэгунь(кыргыз), Цайми (Синьми ) урууларын басып алгандыгы баяндалып, алардын башчыларынын бардыгы Модэ Шаньюйду “акылман” деп таанышкан [6,50-б.]. Байыркы кытай иероглифтериндеги кыргыз аталышы “гэгунь”, “гяньгун”, “цзяньгун”, “цзянькунь”, “цигу” ж.б. транскрипциялар менен кытай тилине ыңгайлаштырылып жазылган.Ал эми Ортоңку жана Жогорку Енисейде жайгашкан цзянь-кундар (байыркы кыргыздар) малчылар жана ушул аймактын аборигендери болушкан дейт: “они явились в результате какого-то сложного исторического процесса, на базе которого к III веку до н.э. уже сложились кыргызские племена” [5, 159-с.].

В.В.Бартольд кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири, болгондо да Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта кыргыздардай аты эрте жолуккан бир да эл жок болуш керек деген [2,176-б.]. Ал эми С. Абрамзон: “Азыркы изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү кыргыз урууларынын ата-бабаларынын жаратылышында эң байыркы сак жана усун, динлин жана гунн уруулук союздары менен байланышы бар деген жыйынтыкка келишти”,- деген [1,295-б.]. Ю.С. Худяков: “Название кыргызов древнее на несколько столетий, чем само слово “тюрки”, по имени которых получила вся языковая семья” [8,28-с.]. Ошентип, байыркы кыргыздардын уруу катары түзүлүшүнүн башаты б.з.ч. 2-миң жылдыкка – Енисейде малчылык түзүлө баштаган мезгилге туура келет.

Алтай тил бүлөсүнө кирген элдердин тилдери гана эмес, булардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий жагы дагы абдан жакын. Ошондой эле алардын чарбасы дагы жакын болгон. Мисалы, Алтай цивилизациясын түзгөн элдердин бардыгы көчмөндүүлүк маданиятына киришет. Бардыгында тең төрт түлүк мал болгон. Албетте, боз үйдү колдонуу маданияты бар. Аны азыр эң мыкты сактап калганы – кыргыз эли болуп саналат. Көчмөн маданияты өзү экиге бөлүнгөн. Биринчиси кыргыздар жана алтай элдери кирет. Экинчисине казактар жана монголдор ж.б. элдер кирет. Алтай цивилизациясына кирген элдердин тили, маданияты, чарбасы, кийген кийимдери, ыр-бийлери, эпостору жана жеген тамагына чейин бардыгы окшош.

Колдонулган адабияттар

Абрамзон М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. М: 1971, 404 с. [Переизд.: Фрунзе, 1990. С.480]

Бартольд В.В. Киргизы. Исторический очерк – Ф., 1927.

Бартольд В.В. 12 лекций по истории турецких народов Средней Азии. – лек. 2 //Сочинение. – т.V.-М., 1968.

Баскаков Н.А. Тюркские языки. Изд. Восточной литературы. – М., 1960.

Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Т. II-Б.: Фонд Сорос – Кыргызстан, 1998, с 699.

Бичурин Н.Я. Собирание сведений о народах, обитавших В Средней Азии в древние времена. – М.-Л., 1950.-т.1.

Тюркские народы. https://www.youtube.com/watch?v=bQ5mI3U9OVU Turan& Maverannahr. 16 нояб. 2017 г.

Худяков Ю.С. Сабля багыра //Военное искусство средневековых кыргызов – М., Изд-во “Филоматис”, 2003. 183 с.