Маалыматтык кат

Эл аралык гибриддик конференция

«Виртуалдык башкаруу: КОВИД-19 пандемиясы учурунда Интернет айдыңына өтүү»

Менеджмент бөлүмү,

Ала-Тоо эл аралык университети

14-15 июнь, 2021-жыл

Бишкек, Кыргыз Республикасы

Концепция:

КОВИД-19 пандемиясы көптөгөн процесстерди жана жумуш алып баруу эрежелерин өзгөрүүгө дуушар кылып онлайн режимге алып келди. Бүткүл дүйнө коомчулугу алдын ала айтууга мүмкүн болбогон жаңы мамилелерге жана шарттарга туш болду. Ал тургай, физикалык катышууну талап кылган эң эле катуу эрежелер элестете алгыс деңгээлге чейин жөнөкөйлөтүлдү. Мунун найтыжасында; жумуш, кызмат, башкаруу жана билим берүүнүн жаңы ыкмаларын колдонууну массалык түрдө ишке ашыруу тажрыйбасын башыбыздан өткөрдүк. Көптөгөн ишканалар кыйынчылыктарды башынан өткөргөндүгү жашыруун эмес, бирок ошол эле учурда өзгөрүүлөрдү тез кабыл алган, виртуалдык чөйрөнү ылдамдык менен өздөштүргөн мекемелер аз жоготууларга учурады. Муну менен катар пандемия жаңыча ой жүгүртүүгө, технология каражаттарын жогорку даражада колдонууга жана башкаруу процесстеринин жаңылануусуна түрткү болду; мунун натыйжасында чыгымдардын азаюсуна, убакыттын үнөмдөөлүүсүнө жана өндүрүмдүүлүктүн жогорулоосуна шарт түздү.


Конференциянын негизги багыттары:

Конференциянын багыттары төмөндө көрсөтүлдү. Катышуучуларды конференциянын кененирээк багыттарын камтыган докладдарды берүүгө чакырабыз. Дисциплина аралык багытындагы макалаларга өзгөчө баа берилет.

  • Башкаруу процесстерин жана операцияларын виртуалдаштыруу;

  • Виртуалдык бизнес жана чексиз бизнес;

  • Процесстерди кайра куруу, моделдөө жана автоматташтыруу;

  • Интернет аркылуу кызматтарды сунуштоо жана коммерциялаштыруу;

  • Пандемия учурунда электрондук соода жана эл аралык соода;

  • Пандемия учурунда жабыркаган бизнестер жана онлайн-чечимдер;

  • Виртуалдык офистер, виртуалдык жумуш күчү жана адам ресурстарын башкаруу;

  • Онлайн-кызматкерлерди тартуу, натыйжалуулукка баа берүү жана онлайн мотивация;

  • Өзгөрүүлөрдү башкаруу, онлайн лидерлик, жана онлайн сүйлөшүүлөр;

  • Билим берүү процесстерин онлайн башкаруу жана билим берүүнү виртуалдаштыруу;

  • Окутуу натыйжаларын баалоо жана онлайн курстарды башкаруу;

  • Электрондук документтөө, онлайн документтерди башкаруу жана документ жүргүзүү;

  • Виртуалдык менеджерлер жана онлайн кызматкерлер үчүн зарыл болгон көндүмдөр;

  • Жаңы кесиптер, Интернеттеги жумуш, фриланс жана техникалык көчмөндөр;

  • Веб-маалыматтык системалар жана жумуш процесстерин башкаруу системалары;

  • Башкаруу жаатында машиналык окутуунун жана жасалма интеллекттин орду;

  • Маалыматтардын негизинде чечимдерди кабыл алуу жана чечимдерди автоматташтыруу;

  • Маалымат алмашуу, маалымат системаларын интеграциялоо жана бирдиктүү терезе системасын;

  • Интернет-маркетинг жана виртуалдык продуктулардын маркетинги;

  • Жашыл жана инклюзивдик экономикага виртуалдык башкаруунун салымы;

  • Виртуалдык ишканалардын салык жана укуктук маселелери;

  • Электрондук соодадагы алдамчылык жана кибер коопсуздук жаатындагы сабаттуулук;

  • Онлайн жана гибриддик иш-чараларды пландоо, жайылтуу жана башкаруу;

  • Онлайн чөлкөмүндө лин башкаруу жана сапатты көзөмөлдөө;


Макалаларды таншыруу:

Бул чөйрөдөгү окумуштууларга, изилдөөчүлөргө жана адистерге конференция учурунда болуучу дискуссияга өз салымын кошуу үчүн изилдөө иштерин берүү сунуштайбыз. Уюштуруучулар эмпирикалык маалыматтар, тыянактарды жана тематикалык изилдөөлөрдү камтыган макалаларды кабыл алат. Катышуучулар төмөнкү шилтеме аркылуу макалаларды жибере алышат: https://sites.google.com/alatoo.edu.kg/ihcvm/submissions. Анкетада жеке маалыматтарыңызды англис тилиндеги толтурууңузду суранабыз.


Публикация:

Басмага макалалар конференциядан кийин кабыл алынат. Публикация варианттары ар бир автор менен жекече талкууланат. Макалалар конференцияны уюштуруу комитетинин чечими менен тандалып, Кыргызстандын алдыңкы журналдарынын бири болгон «Ala-Too Academic Studies» (http://aas.iaau.edu.kg) илимий журналынын сентябрдык номурунда жарыялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.


Форматтоо:

Макалалар "APА Style" жазуу форматында болуусу абзел. Колдонмонун акыркы редакциясын текшерүүңүздөрдү өтүнөбүз. (https://apastyle.apa.org/).


Иштөөчү тилдер:

Конференцияга англис, кыргыз, түрк жана орус тилдериндеги докладдар кабыл алынат. Макалалардын мазмунуна, тилине жана багыттарына карата сессиялар иш алып барат.


Конференциянын форматы:

Конфереция гибриддик форматта (онлайн дагы, физикалык катышуу түрүндө дагы) өткөрүлөт. Бардык сессияларда онлайн-катышуучулардын талкуулоолорго толук катышуу максатында жандуу эфирде трансляция болот.


Катышуу:

Конференцияга келип катышкысы келген чет элдик делегаттарды көрүүгө кубанычта болобуз. Кыргыз өкмөтү көп өлкөлөрдүн жарандарын визалык талаптарынан бошоткон, жана ошондой эле саякатка виза керектүү жарандар үчүн электрондук виза кызматын көрсөтөт (https://www.evisa.e-gov.kg/).

Катышуу, макала жарыялоо үчүн эч кандай төлөм албынайт. Бирок, уюштуруучулар башка шаарлардан жана чет өлкөлөрдөн келген коноктор үчүн жол кире жана жашоо чыгымдарын жабуу жоопкерчилигин мойнуна албайт.


Маанилүү даталар:

• 15 май, 2021-жыл, макала аннотацияларын тапшыруунун акыркы мөөнөтү

• 31 май, 2021–жыл, макалаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү

• 14-15 июнь 2021-жыл, конференциянын күндөрү

• 30 июня 2021 г., макалаларды басууга берүү үчүн акыркы мөөнөт.


Конференциянын сайты:

Конференция тууралуу кененирээк маалыматты конференциянын сайтынан таба аласыздар: sites.google.com/alatoo.edu.kg/ihcvm/kyrgyz. Веб-сайт акыркы маалыматтар менен тынымсыз жаңыланып турат.


Байланыш:

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү адрес аркылуу биз менен байланышсаңыз болот: management@alatoo.edu.kg.